Жоодарбешим
- Кириш сөз
- ЖООДАРБЕШИМ(Орузбай Урмамбетовтун айтуусунда)
- КЕНЖЕКЕНИН ТҮШҮ
- ЖООДАРБЕШИМДИН АЛТЫН БАШТУУ АК АРКАРГА АТТАНГАНЫ
- ЖООДАРБЕШИМ ЖАЛГЫЗ КӨЗДҮҮ ЖЕЛМОГУЗДУ ЖАНА КЫРК КАРАКЧЫНЫ ЖАЙЛАГАНЫ
- ЖООДАРБЕШИМДИН ТАЯТАСЫ АГАЙ КАНГА КЕЛГЕНИ
- ЖАНААЛЫ ДӨӨ МЕНЕН БОЛГОН СОГУШ
- ЖООДАРБЕШИМ МЕНЕН АКСААМАЙ
- ЖООДАРБЕШИМДИН АК АРКАРДЫ ИЗДЕП ЖӨНӨГӨНҮ
- ЖООДАРБЕШИМДИН АЛТЫМЫШ АЙРЫ АК БУГУГА ЖОЛУККАН ЖЕРИ
- АК ЖӨКӨ ДЕГЕН МАРАЛДЫН КАРГАГАНЫ
- ЖООДАРБЕШИМДИН ПЕРИНИН ШААРЫНА КЕЛИШИ
- НУРПЕРИНИН ТОЮ
- ПЕРИНИН КАЛКЫ ЖООДАРБЕШИМДИН ЭРДИГИН СЫНАГАН ЖЕРИ
- ЖООДАРБЕШИМ НУРПЕРИНИ АЛЫП ЭЛИН КӨЗДӨЙ ЖӨНӨГӨН ЖЕРИ
- АСМАЙЫЛ МЕНЕН ОСМОЮЛДУН ЖОРУГУ
- ЖООДАРБЕШИМДИН ГҮЛГААКЫНЫН ГҮЛҮН ИЗДЕП ЖӨНӨГӨНҮ ЖАНА КУЮН ЖЕЛДЕҢГЕ ЖОЛУККАНЫ
- КАРАЧОК МЕНЕН БОЛГОН СОГУШ
- АЛП КАРА КУШ МЕНЕН ЖООДАРБЕШИМ
- ЭР ЖООДАРДЫН АКСААМАЙГА КЕЛГЕНИ
- ЖООДАРБЕШИМДИН ЭР ТӨШТҮКТҮ ЖОО ЧААП КЕТТИ ДЕП КАБАР УГУП ЖӨНӨГӨНҮ
- ТЕМИР КУЛАК АЛПТЫН БАЯНЫ
- ЖООДАРБЕШИМДИН ТЕМИР КУЛАК АЛП МЕНЕН КАРМАШКАНЫ
- ЖООДАРБЕШИМДИН ТЕМИР КУЛАК АЛПТЫ ЖЕҢГЕН ЖЕРИ
- АЙРЫМ СӨЗДӨРДҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ
Кириш сөз
Элдин жазылып кагаз бетинде калбаган тарыхый жолун толугу менен чагылдырып берген оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрү ошол мезгилди күнү бүгүнкүдөй көрсөтүп турган турмуш күзгүсү катары эсептелинет. Эл оозеки сактап келген бай мурастык үлгүлөр азыркы күндө да өзүнүн эстетикалык татымын жоготпостон, келечек жаштар үчүн да таалим-тарбиялык мааниси зор. Муну улуу эпосубуз «Манас» училтигинен баштап кен-же эпосторубуздун чагылдырган доордук мазмунунан кеңири түшүнүк алабыз. Ошондуктан, кыргыз элинин басып өткөн тарыхый жолун изилдөөдө оозеки айтылып келген чыгармалардын үлгүлөрү негизги тарыхый бу-лак жана факты-материал катары милдет аткарары шексиз.
Эл арасында эпостун жандуу айтылып жана сак-талып, уланып келиши да бекеринен эмес чыгар. Ант-кени, эл ар дайым өз идеалында баатырдык менен каармандык көрсөтүп келген өз уулдарынын жүргүзгөн ишаракеттери, элдин бейпилдик турмушу, тынчтык жашоосу, эркиндиги бузулбасын тилешет. Мына ушул тилек үзгүлтүксүз уланып атадан балага өтсө жана укум-дан тукумга уланса деген тилек-ишенимин жүзөгө ашырууга умтулушат. Элдин көксөгөн тилеги «Манас» эпосунан баштап кенже эпостордун мазмунунда кеңири чагылдырылган. Алсак, Манас баатырдын жерин баскынчы душмандардан коргоп, элдин тынчтыгын сактоодогу көрсөткөн каармандык ишин уулу Семетей, небереси Сейтек жана андан кийинки чөбөрөлөрү улантып кеткен.
Ошондой эле Төштүктүн уулу Жоодарбешим, Курманбектин уулу Сейитбек, Багыштын уулу Толтой сыяктуу атадан балага калган мурастык үлгүлөрдү да атоого болот. Оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүндө элдик идеал туруктуу сакталуу менен алардын үмүт-тилеги ар дайым иш жүзүнө ашып турат. Анткени, эл өзүнүн сүйүктүү каарманын эпиканын дүйнөсүнөн көчүргүсү келбейт.
Анын ар дайын түбөлүк жашоосун камсыз кылууда укум-тукум жөнүндө ой жүгүртүп, каармандын ордун басуучу уулун жаратып беришет. Бул оозеки чыгармачылыкта законченемдүү көрүнүш. Мына ушундай законченемдүү көрүнүштөрдүн бири эл арасына кеңири тараган «Эр Төштүк» жөнүндөгү баяндын уландысы «Жоодарбешим» дастаны.
Оозеки чыгармачылыктын кайсы гана үлгүлөрүнө кайрылбайлы өзүнүн алган багыты, идеялык мазмуну жагынан белгилүү бир элдин басып өткөн тарыхый доорун чагылдырат. Ар бири ошол доордун тарыхый түшүнүгүн көркөм баяндоо аркылуу аны элдин жашоо тиричилиги менен байланышта карайт. Элде «Кожожаш» же «Эр Төштүк» сыяктуу кенже эпостордун мазмуну доордун алгачкы формациялык этабын сүрөттөсө, ал эми айрымдары улам доор берилеген сайын кийинки формациялык баскычтагы эволюциялык өнүгүштү көркем баяндоого алат, Бул көркөм баян элдин тарыхый доорун чагылдырган бирден бир негизги материал катары эсептелет. Канчалык гиперболизмге толгон метафоризацияланган окуялар сүрөттөлүп берилсе да эпикалык каармандардын басып өткөн баатырдык күрөшү реалисттик мүнөздө ачылып окурманга жеткирилет.
Эпостордун ичинен «Манас» эпосунун баш каарманы Манас гана төрөлүп балалык мезгили толук өткөрүү менен андан соң эпикалык жүрүштөрү жана иш-аракеттери жөнүндөгү баян улана берет. Кенже эпостордо болсо баш каармандын төрөлүү процесси айтылбастан, балалык мезгилинен өтүп, тез жетилип, эл-жеринин камын ойлогон, өз күчүн көрсөтө алган, кажыбас кайраттуу баатырлардан болуп чыга келет. Мына бул идея элдин байыркы замандан бери тилеп келген тилеги, көздөгөн максаты десек жаңылыштык болбос. Ушундай тилекти иш жүзүнө ашырууда эл арасынан чыккан баатыр уулдун жаралышы бул элдин идеалындагы негизги мотивдеринен. Муну «Жоодарбешим», «Сейитбек», «Толтой» сыяктуу дастандардын сюжеттик өзөк окуяларынын мазмунунан кеңири тааныша алабыз.
«Жоодарбешим» дастаны «Эр Төштүк» эпосундагы Төштүк баатырдын кара күчтөр менен болгон кармашы жөнүндөгү баяндын уландысы катары айтылган. Ант-кени, Төштүк адам баласына сырдуу сезилген дөөперилерди, ар кыл табигый кара күчтөрдү багынтуу менен жер үстүнө чыкса, Жоодарбешим да ошол эле кара күчтөрдүн башка формада трансформацияланышындагы каармандар менен күч сынашып өзүнүн, б.а. адам акылынын үстөмдүгүн көрсөтүп, ошол сырдуу күчтөрдү жеңип, көздөгөн тилек-максатын аткарат.
Дастан фантастикалык гиперболизмге толгон апыртмалуу сыйкырдуу окуялар аркылуу иш жүзүнө ашырылган. Кыргыз элинин жашоо-тиричилигинин тарыхый турмушунан кабардар кылуу аркылуу баатыр баланын жаштыгына карабастан дөө-перилер сыяктуу кара күч-төргө каршы турушу жана жеңишке ээ болушу адам акылынын өнүгүшүндөгү эволюциялык процессти баяндайт. Мейли Төштүк болсун, мейли уулу Жоодарбешим болсун бул каармандар жалаң гана өз кара күчүнө ишенбестен, башка жаратылыш тарабынан берген жардамга да таянышат. Эки чыгармада тең бирдей эле минген тулпарлары Чалкуйрук менен Кылкаранын көрсөт-көн көмөгү жана камкордугу негизги ролду ойногон.

