Ал мезгилде гүлгаакы,
Гүлдөп турган кези экен.
Эрен Жоодар атайы,
Издеген дары өзү экен.
«Айланайын, Желдеңим,
Ак жолтой болдуң шашалы.
Бул турушта пайда жок,
Кайра жолду басалы.
Издеген жокту таап алдык,
Эмнеге эргип жаталы».
Деп ошентип эр Жоодар,
Кайра изине салды эле.
Кошо желип жел менен,
Кылкара оозун жайды эле.
Карааны көлдүн үзүлүп,
Кыйла жерге барды эле.
Желдей сызып Куюну,
Жаңы кызып калды эле.

КАРАЧОК МЕНЕН БОЛГОН СОГУШ

Баатыр Жоодар, Желдеңи,
Алды жагын караса,
Адам көрбөс тамаша.
Закымдай учуп буларга
Жетип келди заматта.
Көргөндүн көөнү бөлүнөт,
Чоңдугу тоонун теңиндей,
Ким көрүнсө жегидей,
Укмуштуу бир дөө көрүнөт.
Каш, кабагы бородой,
Түрү башка адамдан,
Көзү ачкан ородой.
Алачыктай башы бар,
Аркада токмок чачы бар.
Алдындагы мингени,
Ала качыр аты бар.
Колунда калкан, найза бар,
Мындай зор адам кайда бар
Асынган кылыч, жебе бар,
Арстан Жоодар баатырдын,
Алдынан тоскон неме бар.
Жалгыз эмес ал өзү,
Жетимиш балбан жанында,
Баарысы буудан алкынып,
Минген аты табында.