Күп, күп этип күүлөшүп,
Эрен Жоодар баатырга,
Күнөө коюп сүйлөшүп.
Кышкы кирген буурадай,
Көбүк чачып чамынып.
Найза кезеп, жол тороп,
Алдынан чыкты камынып.
Он, жагына карасаң,
Көк аргындай түрү бар.
Бет ажары көрүнбөйт,
Беш байпактык тугу бар.
Күн күркүрөп жаткандай,
Колдураган үнү бар.
Жөндөп эмес сыягы,
Ажыдаар сүрү бар.
Ошо балбан кеп айтат,
Баатырга мындай деп айтат:
«Кара торко тон кийип,
Кара жорго ат минип,
Кайда шашып барасың?
Жолдош кылып жаныңа,
Жээликтирип ээрчитип,
Айбаалынын баласын.
Шашканың менен пайда жок,
Алдагы жайга тура тур,
Кутула турган айлак жок.
Ит-Итпестин талаага,
Көл орнотуп койгонсуп.
Кол боюна атайын,
Гүл өстүрүп койгонсуп.
Эмгекти өзүн кылгансып,
Элдеп жүргөн ким дебей?
Ит-Ичпестин Ала-Көл,
Жердеп жүргөн ким дебей?
Тебелеп, тепсеп төрүмдү,
Аралап келип жеримди,
Ээн баштык кыласың,
Казайынбы көрүңдү.
Астыңдагы Кылкара,
Үстүңдөгү Кылторко,
Олжо кылып талаадан,
Ала турган кез келди.
Чын ажалды башына,
Сала турган кез келди.
Кызыл каның жайнатып,
Жая турган кез келди.