Жоодарбешим
Ал тулупка жеткени,
Эңкее түшүп эр Жоодар,
Жерден эңип кеткени.
Алдындагы Кылкара,
Бурала түшүп оңолуп.
Мүдүрүлүп жаныбар,
Кырдана түшүп оңолуп.
Кыр аркасы кайкалап,
Үстүндө Жоодар чалкалап.
Аты менен урушуп,
Тулупту ээрдин кашына
Араң койду тырышып.
Карачок менен балбандар,
Таң болду карап турушуп.
Барбалаңдап Карачок,
Баатырга мындай кеп айтат
«Атасын тарткан кайраным,
Эр экенсиң —деп, айтат.
Эч нерседен тартынбас
Шер экенсиң — деп, айтат.
Эңген тулуп, сырттаным,
Аты менен беш балбан,
Оор өлчөсү болучу.
Менменсинген нечендер,
Эңе албай майып болучу.
Эңип кеттиң ушуну,
Эрдигиңе ишендим.
Адам уулу тең келбес,
Балбандыгың бар экен,
Шердигиңе ишендим.
Кана эмесе экөөбүз,
Качырып найза суналы.
Карап турбай бекерге,
Кармашууга чыгалы.
Баатыр Жоодар эр — деди,
Кезек берип сайышып,
Чыдашалы кел —деди.
Эңип кеттиң тулупту,
Кыйын болсоң сайып ал,
Туруп берем мен — деди.
Улуу экен деп ойлосоң,
Карачоктон кезекти
Талашпассың сен» — деди.
Ошондо Жоодар тулуптун,
Боосун үзүп каңтарып,
Оордугу неден экен — деп,
Колун салып аңтарып.
Чүкөсүн жерге чачты эле,
Ал тулуптун ичинен,
Бир, кызык буюм тапты эле.
Көңүлүн буга бөлдү эле,
Алакандын отуна,
Сала коюп көрдү эле.
Эңкее түшүп эр Жоодар,
Жерден эңип кеткени.
Алдындагы Кылкара,
Бурала түшүп оңолуп.
Мүдүрүлүп жаныбар,
Кырдана түшүп оңолуп.
Кыр аркасы кайкалап,
Үстүндө Жоодар чалкалап.
Аты менен урушуп,
Тулупту ээрдин кашына
Араң койду тырышып.
Карачок менен балбандар,
Таң болду карап турушуп.
Барбалаңдап Карачок,
Баатырга мындай кеп айтат
«Атасын тарткан кайраным,
Эр экенсиң —деп, айтат.
Эч нерседен тартынбас
Шер экенсиң — деп, айтат.
Эңген тулуп, сырттаным,
Аты менен беш балбан,
Оор өлчөсү болучу.
Менменсинген нечендер,
Эңе албай майып болучу.
Эңип кеттиң ушуну,
Эрдигиңе ишендим.
Адам уулу тең келбес,
Балбандыгың бар экен,
Шердигиңе ишендим.
Кана эмесе экөөбүз,
Качырып найза суналы.
Карап турбай бекерге,
Кармашууга чыгалы.
Баатыр Жоодар эр — деди,
Кезек берип сайышып,
Чыдашалы кел —деди.
Эңип кеттиң тулупту,
Кыйын болсоң сайып ал,
Туруп берем мен — деди.
Улуу экен деп ойлосоң,
Карачоктон кезекти
Талашпассың сен» — деди.
Ошондо Жоодар тулуптун,
Боосун үзүп каңтарып,
Оордугу неден экен — деп,
Колун салып аңтарып.
Чүкөсүн жерге чачты эле,
Ал тулуптун ичинен,
Бир, кызык буюм тапты эле.
Көңүлүн буга бөлдү эле,
Алакандын отуна,
Сала коюп көрдү эле.

