Жоодарбешим
Кашан алптын Карачок,
Жана мындай кеп айтат:
«Уккун, баатыр,— деп айтат.
Сары изиңе чөп салып,
Саргара кууп жүргөнмүн.
Куу изиңе чеп салып,
Кубара кууп жүргөнмүн.
Ит-Ичпестин көлүнө,
Келет го деп жүргөнмүн.
Тилегенди бир кудай,
Берет го деп жүргөнмүн.
Ажал айдап келериң,
Абал мурун билгенмин.
Эрен Жоодар өзүдө,
Айта турган бир кебим.
Кара болот кынайын,
Карууңду байкап сынайын.
Анык баатыр сен болсоң,
Айтканыма көнүп бер.
Жүз чүкө сыяр тулубум,
Таштап коем эңип бер».
Калжактап күлүп Карачок,
Барбалаңдап калганы.
Канжыгадан тулупту,
Чечип колго алганы.
Шылтоо салып кумсарып,
Чыгармак болду жаңжалды.
Оюнду минтип баштады,
Өңөрүп келип ортого,
Сур тулупту таштады.
Эрен Жоодар ошондо,
Ак барчындай теминип,
Аны көрүп ээлигип.
Карачокко үн салып:
«Куп болот сөзүң улук — деп,
Өз ичинен ойлонуп,
Эңерим сырдуу тулуп» — деп.
Кара жаак булдурсун,
Кармай калып имерип,
Жаныбарың Кылкара
Кучкакка салын жиберип.
Араандай оозун ачтырып,
Төрт туяктан тозоңун,
Көктү көздөй чачтырып.
Жана мындай кеп айтат:
«Уккун, баатыр,— деп айтат.
Сары изиңе чөп салып,
Саргара кууп жүргөнмүн.
Куу изиңе чеп салып,
Кубара кууп жүргөнмүн.
Ит-Ичпестин көлүнө,
Келет го деп жүргөнмүн.
Тилегенди бир кудай,
Берет го деп жүргөнмүн.
Ажал айдап келериң,
Абал мурун билгенмин.
Эрен Жоодар өзүдө,
Айта турган бир кебим.
Кара болот кынайын,
Карууңду байкап сынайын.
Анык баатыр сен болсоң,
Айтканыма көнүп бер.
Жүз чүкө сыяр тулубум,
Таштап коем эңип бер».
Калжактап күлүп Карачок,
Барбалаңдап калганы.
Канжыгадан тулупту,
Чечип колго алганы.
Шылтоо салып кумсарып,
Чыгармак болду жаңжалды.
Оюнду минтип баштады,
Өңөрүп келип ортого,
Сур тулупту таштады.
Эрен Жоодар ошондо,
Ак барчындай теминип,
Аны көрүп ээлигип.
Карачокко үн салып:
«Куп болот сөзүң улук — деп,
Өз ичинен ойлонуп,
Эңерим сырдуу тулуп» — деп.
Кара жаак булдурсун,
Кармай калып имерип,
Жаныбарың Кылкара
Кучкакка салын жиберип.
Араандай оозун ачтырып,
Төрт туяктан тозоңун,
Көктү көздөй чачтырып.

