Жоодарбешим
Майрыковдун өз убагында Ак-Талаалык Карымшак деген адамдан «Жоодарбешим» жомогун 13—14 жаш курагында угуп, анын ыр саптарын толук болбосо да көбүнесе сактап калгандыгы эскерилет. Жолдош карыя кийин жаздырганына байланыштуу жомокту дайыма айтып жүрбөгөндүктөн, айрым эпизоддун ыр түрмөктөрү эстен чыгып кеткендигине карабастан окуяны үзгүлтүккө учуратпай кара сөз менен айтып берген экен. Ал эми «Жоодарбешим» дастанын сюжеттик өзөгүн түзгөн салттык туруктуу айтылган эпикалык кишилер, мотивдер, көркөм каражаттар колдогу варианттардын бардыгында тең бирдей эле даражада сакталган. Ошолордун бири катары Майрыковдун вариантын да атасак болот. Айтылган ойго мисал катары С. Закировдун жазган «Кириш сөзүнөн» келтирели. «Алсак: Жоодарбешимдин: «атам Төштүктүн каарына калбайын» — деп, алтын баштуу Ак аркарды издеп баратканда энеси Кенжекенин айтып турган жерин келтирели:
— Ой, айланайын, кулунум,
Катып бир калган кара эмчек,
Бир гана соруп кете көр.
Ой, айланайын, кулунум ов,
Куурап бир калган куу эмчек,
Бир гана соруп кете көр.
Ой, айланайын, кулунум ов,
Ат арытып мине элек ээ,
Ат кадырын биле элек ээ.
Тон тарытып кие элек ээ,
Тон кадырын биле элек ээ,
Балтыр бешик боло элек ээ,
Балтыр күчүң толо элек ээ,
Түп-түбүңдү түрүп айт, балам,
Түбүңдөн кууп табайын, балам.
Тек-тегиңди терип айт, балам,
Тегиңди кууп табайын, балам.
Түп-түбүмдү айткандай,
Түпсүз адам дедиңби?!
Тек-тегимди айткандай,
Тексиз адам дедиңби?!»
Жогоруда келтирилген Майрыков Жолдоштун айткан «Жоодарбешим» жомогунан алынган ыр саптары жалпы эле башка варианттарда салттык түрдө кеңири таралып, айтылып келген туруктуу ыр саптарына жатат.
Башында жомок же дастан кылып айтып келген ырчынын айткан чыгармасында айтылган салттык туруктуу ыр саптары биринен экинчисине өтсө да айрым гана трансформациялык өзгөрүүгө учурабаса, негизинен ошол башкы формасы сакталгандыгын айтсак жаңылыштык болбос. Анткени, мейли О. Урмамбетовдо болсун, мейли К. Суранчиевде болсун, мейли Ж. Майрыковдо болсун, негизинен «Жоодарбешим» дастанынын сюжет курумун түзгөн салттык өзөк окуя сакталат. Ар бир айтуучу тигил же бул деңгээлде сюжетке өзүнчө алымчакошумчаларын киргизе алышат. Ошондой эле жогоруда эскерилген ойду кытайлык кыргыздарда жарык көргөн «Жоодарбешим» дастаны жөнүндө да ушул эле пикирди айтууга болот.
Берилген маалыматтарга караганда «Жоодарбешим» дастанынын үч варианты жазылып алынган. Азыркы күндө Манастаануу жана көркөм маданиятынын улуттук борборунун Кол жазмалар фондусунда Орузбай Урмамбетов менен Суранчиев Калчанын гана варианты калган. Ал эми 1968-жылы Сокулук районуна уюштурулган фольклордук экспедицияда жазылып алынган Майрыков Жолдоштун варианты тилекке каршы жок болуп чыкты. Ошондуктан, Орузбай Урмамбетовдун, Калча Суранчиевдин варианттары менен кытайлык кыргыздарда басылып жарык көргөн Абдыкерим Асандын айтуусунда «Жоодарбешим» дастанын Кыргызстандык окурмандарга тааныштырууну ылайык көрдүк.
Эскерилип жаткан варианттардын ичинен Суранчиев Калчанын «Жоодарбешим» дастаны эл арасында айтылып жүргөн алгачкы өзөк окуянын композициялык түзүлүшү жагынан жөө жомок формасын сактагандыгын белгилөөгө болот. Анткени, көлөм жагынан чакан негизинен кара сөз менен берилет да дастандын айтылуу стилин сактоо үчүн арасына ыр саптары кошумчаланган.
Дастанды Суранчиев Калчадан Ы. Абдыракманов 1940-жылы оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүн жыйнап жүргөн учурунда «Эр Төштүк» менен бирге «Жоодарбешимди» да жазып алат. Бирок Ы. Абдыракманов тарабынан Суранчиев Калчанын кимден уккандыгы жана айткан адам дастанды ыр түрүндөбү же кара сөз түрүндө жомок формасында айтканбы ал жөнүндө маалымат берген эмес.

