Жоодарбешим
Жазылган үлгүгө караганда Суранчиевдин «Жоодарбешим» жомогу Майрыков Жолдоштун айткан варианты мисалдуу ыр менен аралаш айтылгандыктан, бул дастан эл арасында алгач жомок түрүндө айтылып таралган болуу керек деген ойду туудурат. Анткени, Суранчиевдин айтуусундагы «Жоодарбешим» дастаны стилдик куруму, айтуу ыкмалары жөө жомок формасындагы стилде айтылып келгендигинин бир далили экендигин баамдоого болот. Демек, буга караганда дастанды айткан адам кара сөзгө ыр аралаштырып айтып берген болуу керек.
Басмага сунуш этилип жаткан кытайлык кыргыздардан чыккан дастанчы Абдыкерим Асандын «Жоодарбешим» дастаны да биздеги айтылып жүргөн «Жоодарбешимдин» бир варианты. Дастан байыркы заманда жашап өткөн кыргыз турмушунун баяны болгондуктан, кыргыз элинен чыккан баатыр уул Жоодарбешим жөнүндөгү окуя үзгүлтүккө учурабастан сакталган. Айта турган сез дастанчы өз аралында айтылган салттык жөрөлгөлөрдүн нугун бузбастан, окуя бир эле каармандын тегерегинде Жоодарбешимдин алтын мүйүз Ак аркар менен болгон алакасы жөнүндөгү баянды бер-ген. Айтуучу тарабынан тигил же бул деңгээлде дастан катары иштелип чыгып, көркөм чыгарма даражасына жеткире сүрөттөлгөндүктөн, вариант катары эсептелүүгө татыктуу. Бул вариантта деле окуянын жүрүшү Жоодарбешим менен атасы Төштүктүн ортосундагы жүрүп жаткан мамиледен башталат.
Анткени, Төштүктүн койгон суроосу элди баш көтөртпөй мөгдүрөткөндө, элге боору ооруган Жоодарбешим элден суурулуп чыгып, элди кысымдан куткарып кетет. Мына ушундан баш-тап анын башына оор түйшүктүү кыйынчылыктар түшүп, нечендеген кармашууларды башынан өткөрүп жеңишке ээ болот. Бул жеңиш ал үчүн оңойго турган жок. Анткени, Жоодарбешим сыйкырдуу кара күчтөргө салыштырмалуу алганда алда капча алсыз, күчсүз көрүнөт. Бирок ал өз акыл сезимине, энеси Кенжекенин насаат сөздөрү жана тулпары Кылкаранын көрсөткөн көмөгү, Жоодарбешимге күч-кубат кошуп, эс токтотуп Мулжуке, Борон, Кара дөө, Көк дөө, Сары дөө сыяктуу кара күчтөргө туруштук берет. Ошентип, кайнатасы Нурхандын сыйкырлаган алтын мүйүз Ак аркарын атып, дөөлөрүн акыл менен жеңип, кызы Ноопериге үйлөнүп, айлына кайтып келет.
О. Урмамбетовдун айтуусунда Төштүк баласы Жоодарбешимди өзү менен кошо ууга алып чыгып, алтын мүйүз Ак аркарды аталбай өкүттө калганын арман катары айтат. Ошол эле учурда энеси Кенжекеге Жоодарбешимдин жоого аттанары жөнүндө түшүндө аян берет. Анткени, Кенжеке түшүндө көргөн алтын боолуу кушу боосун үзүп, алтын туурун бузуп, эч бир адамга карабай чыгыш тарапка сызган бойдон кетет.
Мына бул окуядан Кенжеке Жоодарбешимдин башына оор түйшүк келерин сезет да баласынын келер жолун тосуп, күтүп калат. Жоодарбешимдин баралына жетип, жоого аттанар мезгили келгендиги ушул мотив аркылуу чечилет да, чыгарманын сюжети өрчүтүлө баштайт. Бирок канчалык ареалдык жактан бөлүнүп жашаса да сюжет куруму, алган багыты жана мазмуну эки ареалда тең эле бирдейликти түзөт. Окуяны куруудагы мотивдештирүү маселесине кайрылганда айрым бир деталдык жак-тан болгон өзгөчөлүктөрдү байкоого болот.
Көркөм стилистикалык куруму жагынан да акындардын талант арымына жараша өз алдынчалык көркөм өзгөчөлүккө ээ. Эки вариантта бирдей эле эл тарабынан идеал катары бааланып, өтүп кеткен баш каармандардын иштерин улантуучу мураскору тарабынан биринчи бөлүмдө аткарылбай калган, же болбосо баш каармандын колу-нан келбей калган иш-аракеттер жүзөгө ашырылып, адам баласынын табигый кара күчтөрдүн үстүнөн болгон акыл күчүнүн үстөмдүгү сүрөттөлгөн. Адам баласы оз тиричилигинде алгачкы турмуштук жашоосунан бара-бара прогресске өтүү менен коомдук түзүлүштүн атрибуттарынын талабына ылайыкташып, кийинки муундардын турмуштук тажрыйбалары трансформациялануу аркылуу өркүндөп өсүп, гүлдөө чегине чыгат. Турмуш-тун өсүү процесси бир эле калыпта эмес, ал өздөштүрүлүп, турмушка болгон көз карашы, түшүнүгү кеңейип, андан ары уланып өөрчүй берген. Мына ушундай коомдун өзгөрүүсү менен адам баласынын аң-сезиминде да эволюциялык процесс жүрөт да өсүү жолуна өтөт.
Ушул эволюциялык процесстин алгачкы көрүнүшү «Жоодарбешим» дастанында учкундары сезиле баштаган. Кытайлык кыргыздардын вариантында Төштүктүн сөзүндө анын байыркы түшүнүгү боюнча эле бардык нерселерди өзүнө таандыкташтырылып түшүндүрүлсө да диалекти-канын законченемине келгенде ал түшүнүк алда канча эскирип кеткендигин билдирип жатат.