Күңгүрөнүп өр Төштүк
Кээде сылап сакалын,
Ойлоп өмүр катарын:
«Көзүм өтсө дүйнөдөн,
Ким калкалайт жерди — деп.
Капа кылбай ким багат,
Калын, кыпчак элди — деп.
Эрдиги мага теңелип,
Ээрчий чыккан караан жок.
Туурумду* басып калганга,
Өзүмдү тарткан балам жок.
Жаза тайып күн бүтсө,
Кыпчакты доого талатпай,
Калка болор адам жок».
Деп ошентип кайгырып,
Кайран Төштүк жүргөндө,
Тууруна туйгун конуптур,
Жоодарбешим атанган,
Баатыр уулдуу болуптур.
Кыпчак эмес эр Төштүк,
Бүт кыргызды чакырып,
Тоюна токсон союптур.
Жоодарбешим баласы
Көңүлдөгү уул болуп,
Кайгынын баарын жоюптур.
Сымбатын көрүп баланын,
Күңгүрөнүп сакалын,
Сылаганды коюптур.
Сырт келбети бир башка,
Сынына бала толуптур.
Ал баланын энеси
Агай кан кызы Кенжеке,
Болгон кезде кош бойлуу
Ар тамак жакпай нээтине,
Талгак болуп төрөптүр,
Жолборстун этине.
Ит көйнөгүн* мойнуна
Иле түшкөн бул бала.
Аруу тонун жонуна
Кие түшкөн бул бала.
Энекеси Кенжеке
Тогуз күн тартып толгоону,
Кыйнап түшкөн бул бала.
Көзүн ачып баркырап,
Ыйлап түшкөн бул бала.
Киндиги өзү кесилүү,
Күмүш экен көкүлү,
Маңдайында калы бар,
Арстандай жалы бар.
Төрөлгөндө балага
Көргөндүн баары таңданды,
Бул эмине шумдук — деп,
Элде жүрөк калбады.
Камыр эти катыптыр,
Беш айында каз туруп,
Алты айында басыптыр.
Бирге чыкпай сүйлөптүр,
Төрөлгөндөн башкасын
Эч бир адам билбептир.
Мойнуна тумар* тагыптыр,
Жанга дайнын чыгарбай,
Эрен Төштүк баласын
Ээн жерге багыптыр.
Тогузга жашы чыкканда,
Эр кийимин кийгизип,
Элге дайнын билгизип,
Өз жолуна салыптыр.
Жоодарбешим ошондо,
Энчилеп берген атасы
Кылкара токуп миниптир,
Кылторко тонун кийиптир,
Кылычты жанга илиптир,
Жебени колго алыптыр,
Жанына саадак тагыптыр.