Жоодарбешим
Эр-Төштүктүн жайы экен.
Агай кан кызы Кенжеке
Ургаачыдан уз чыккан.
Сарамжалын шай кылып,
Жабдыгап ошол жан экен,
Сырттаныңдын жары экен.
Азаматка табылбас
Касиети бар экен.
Келе турган адамга,
Азап менен тозокту
Билип койчу ал экен.
Бул жайлоого келгени,
Кайран Төштүк эригип,
Кыдырып тоону бара элек,
Кийик атып төрүнөн
Уу кылып көңүл ача элек.
Чайинги тонун кийиптир,
Чалкуйрукту миниптир.
Абылайды баш кылып,
Отуз жигит кошчу алып,
Мергендикке жүрүптүр.
Жоодарбешим ал дагы,
Кылкарасы табында,
Кошо аттанып чыгыптыр,
Атасынын жанына.
Ашуудан ашуу артышып,
Тоо таянып бийиктеп,
Аркар атып, бөкөн кууп,
Кеткени эки күн болду,
Арстан Төштүк кийиктеп.
КЕНЖЕКЕНИН ТҮШҮ
Түндө жатып ордодо
Кенжеке бир түш көрүптүр.
Жоодарбешим уулунун,
Жоого аттанар мезгилин,
Түшүнө аян бериптир.
Түндөгү көргөн түшүндө,
Күмүш боолуу куш көрдү,
Баласынын башына
Азап менен арылгыс,
Аябаган иш көрдү.
Алтын боосун үзүптүр,
Алтын туурун бузуптур,
Эч адамга кайрылбай,
Күн чыгыш карай сызыптыр.
Жолунан чыгып кара куш,
Эрмешкен бойдон кетиптир.
Айкырышып экөө тең,
Сермешкен бойдон кетиптир.
Кереметтүү Кенжеке
Уйкудан чочуп ойгонуп,
Убайды тартып ойлонуп,
Эт жүрөгү козголуп,
Санаадан санаа кирди эми.
Кыраан Жоодар башына
Кырсык болот экен — деп,
Кыялында билди эми.
Сыртка чыгып Кенжеке
Адырдан адыр арытып,
Жоодар качан келер — деп,
Көп тиктеп көзүн талытып.
Санаасы санга бөлүнүп,
Ал аңгыча эр Жоодар
Карааны тоодой көрүнүп.
Уулун эне көргөндө
Эбедейи эзилип,
Эт тырмагы созулуп.
Турган жаны камыгып,
Каралдым деп жалынып.

