Жолборстон чырга* сүйрөткөн,
Жоо бөрүсү эр Төштүк,
Жоодарбешим уулуна
Жоонун жайын үйрөткөн.
Ээрчитип жүрүп эр Төштүк,
Элдин жайын үйрөткөн.
Төгөрөктү чалдырып,
Жердин жанын үйрөткөн.
Калка болуп эл сактаар,
Элдин жайын үйрөткөн.
Жоодарбешим ошондо,
Өз атасы Төштүктөн
Ашып түшкөн эр чыкты.
Он бешке жашы келгенде
Балтыр эти толуптур,
Беттеп адам баргысыз
Тоодай баатыр болуптур.
Атасын тарткан кайран — деп,
«Сырттан» атка конуптур
Кийген тону Кылторко,
Минген аты Кылкара,
Эл оозуна атагы
Тарап чыкты бул бала.
Ал атагы айылды,
Жарып чыкты бул бала.
Кебез-Тоодой жер үчүн
Кара башын өлүмгө
Сайыл чыкты бул бала.
Жоонун жайын жашынан
Билип чыкты бул бала.
Жоо кийимин ийнине
Кийип чыкты бул бала.
Кайраның Төштүк кубанат,
Баласы баатыр болгонго.
Кападан такыр кол жууган
Сынына бала толгондо.
Жадырап кабак ачылып,
Санаанын баары басылып,
Жайлоолоп көчүп барыптыр,
Кебез-Тоодой жерине,
Салкым деп Ашуу-Төрүнө.
Айылы конгоп кыркалап,
Айтылуу Аңыр-Көлүнө.
Замандашы Төштүктүн,
Ошол кыпчак элинде.
Алаңбайдын Абылай,
Сараңбайдын Сарыбай,
Айтылуу Кебез-Тоосуна,
Төштүккө болгон кошуна.
Эрикпей эрмек кылганга
Курбулары бар экен.