Таап келип ошону
Ак булакта Ак аркар,
Аны кармап алыптыр.
Сыйкыр менен байлатып,
Жети кара кучкачын
Курсагына салыптыр.
Өмүр бого көтөрүп,
Айласы жок Ак аркар,
Кайкалан бели талыптыр.
Дуба менен байланып,
Ал Чоюн алп зомбунун*,
Кызматында калыптыр.
Кучкачта кызык бар экен,
Чоюп алптын жаны экен.
Угуп алып өзүнөн,
Аңдып келип жаткам — дейт,"
Жебе тартып жаа менен
Ак аркарды аткам — дейт.
Башын жулуп кучкачтын,
Өлбөй турган Чоюн алп,
Эсебин мындай тапкам — дейт.
Быйты күңдөн туулган,
Чоюндан калган Темир алп.
Жайлап коюп атасын,
Бешиктеги баласын
Аяп аман койгом — дейт.
Быйты күндүн колунан
Жигит болуп өскөн — дейт,
Бой тартып бойго жеткен — дейт,
Урунарга тоо таппай,
Урушарга жоо таппай,
Баш ооган жакка бет алып,
Жер кыдырып кеткен — дейт.
Угушума карасам,
Ак аркарга барган — дейт.
Алтын жанын кубултуп,
Ак аркардын кардына
Кучкач кылып салган — дейт.
Ал Чоюндун баласы,
Атасынан алты эсе,
Ашып түшкөн балбан — дейт.