Жоодарбешим
Айланайын энеке,
Атам Төштүк муну айтты.
Ай, жылдап жолду бас — деди,
Ак булак жолун тап — деди,
Ак аркар издеп ат — деди,
Чоюндан калган Темир алп,
Тукуму бизге кас —деди.
Баатыр болсоң, эр болсоң,
Бул кайгыдан куткарып,
Көңүлүмдү ач — деди.
Кылкара токуп мин — деди,
Кылторко тонун кий — деди.
Саадагымды* асынып,
Кылычың борго ил — деди.
Батасын алып элиңдин,
Бачым жолго жүр — деди.
Айланайын, энеке,
Аскар тоодой береке,
Атанын сөзүн угайын,
Айнытпа, эне, жолумдан,
Ак аркар издеп чыгайын.
Баласы болсом атанын,
Бул кызыкты укканда,
Кантип өзүм чыдайын.
Берекем, эне, бек затым,
Бекерге жебе убайым,
Бул айтканын кылбасам,
Атам Төштүк кыраандын,
Касабына каламын.
Батаңды бергин, энеке,
Алыскы жолго саламын,
Ак күңгөйдө Ак аркар,
Аны издеп табамын.
Мурун укпай жүрүпмүн,
Көп кызыктын кабарып.
Айтып берчи, энеке,
Таятам менин Агай кан,
Кайдан издеп табамын.
Атам Төштүк муну айтты.
Ай, жылдап жолду бас — деди,
Ак булак жолун тап — деди,
Ак аркар издеп ат — деди,
Чоюндан калган Темир алп,
Тукуму бизге кас —деди.
Баатыр болсоң, эр болсоң,
Бул кайгыдан куткарып,
Көңүлүмдү ач — деди.
Кылкара токуп мин — деди,
Кылторко тонун кий — деди.
Саадагымды* асынып,
Кылычың борго ил — деди.
Батасын алып элиңдин,
Бачым жолго жүр — деди.
Айланайын, энеке,
Аскар тоодой береке,
Атанын сөзүн угайын,
Айнытпа, эне, жолумдан,
Ак аркар издеп чыгайын.
Баласы болсом атанын,
Бул кызыкты укканда,
Кантип өзүм чыдайын.
Берекем, эне, бек затым,
Бекерге жебе убайым,
Бул айтканын кылбасам,
Атам Төштүк кыраандын,
Касабына каламын.
Батаңды бергин, энеке,
Алыскы жолго саламын,
Ак күңгөйдө Ак аркар,
Аны издеп табамын.
Мурун укпай жүрүпмүн,
Көп кызыктын кабарып.
Айтып берчи, энеке,
Таятам менин Агай кан,
Кайдан издеп табамын.

