Берен Жоодарбешимдин,
Беттеп барган жоосу жок,
Бекерге жейсиң кайгыны,
Бер деп келген доосу жок.
Бул айтканым өөнү жок,
Капа кылып баланы,
Ыйлаган болбойт жөнү жок.
Бала баатыр Жоодардын
Аскар тоодой бели бар,
Атасы Төштүк эри бар,
Арстандай шери бар,
Ак калпак кыргыз эли бар,
Ала-Тоодой жери бар,
Ачуусу келсе Төштүктөн,
Ааламга жетер деми бар.
Баатыр Жоодар балаңыз,
Баатырдыгын караңыз.
Кыл караны токунуп,
Жоо кипимин кийинип,
Жолго аттанам дегенде
Жагалданын сүйүиүтт.
Жарагын илсе жанына,
Жолборс түрү билинил.
Сыртынан күлүп Кенжеке,
Ичинде жүрөт күйүнүп.
Эл-журтунан бата алып,
Жөнөрүндө баласы,
Кайран катын Кенжеке,
Сарамжалын карачы.
Алтымыш килттүү* ак сандык
Ачкычын салып ачты эле,
Эрге ылайык бир буюм,
Ичинен издеп тапты эле.
Алып чыккан буюму
Кол башыңдай ак баштык,
Жанга салса чак баштык.