Жоодарбешим
Баатырын туруп кеп айтат:
«Укчу, энеке,— деп айтат.
Азап келсе башына
Ар бир пенде көрбөйбү.
Ажал келсе башына
Алтындап үйгө кирсе да,
Айла канча өлбөйбү.
Узун өмүр бак болсо,
Ажалсыз адам өлөбү.
Батаңды берчи, энеке,
Уулуңдун анык жөнөрү.
Уруша турган душман жок,
Ак аркар издеп барамын,
Буюрган болсо жараткан,
Буйдалбай издеп табамын.
Бошотосуң, энеке ай,
Муунуңду бекерге.
Кыйрына түшүп санаанын,
Басар жолдон айныбай,
Жөнөсүн жолго каралдың.
Айланайын, энеке,
Күлүп туруп узатчы,
Байлабай жолун балаңдын.
Атам Төштүк сырттандын
Казабына калганча,
Тирүү жүрбөй өлөйүн,
Туубай туна чөгөйүн».
Барар жолдон айныбай,
Бала турду карганып.
Эрдигине уулунун
Кенжеке турду таңданып.
Карагаттай көзүнөн
Мөлтүрөп жашы айланып.
Калкын жыйып баланын,
Жөнөтмөк болду камданып.
Айлына жигит чаптырып,
Кенжеке кабар берди эле,
Айтылуу кыпчык анылы
Бүт жыйналып келди эле.
Ошолордун ичинде
Карысы бар, жашы бар,
Сараңбайдын Сарыбай,
Ушул элге баркы бар.
Кенжекеден кеп угуп,
Аркар издеп Жоодарды,
Аттанат экен деп угуп,
Сарыбай аке кеп айтат:
Ыйлаба, Кенеш,— деп айтат.
«Укчу, энеке,— деп айтат.
Азап келсе башына
Ар бир пенде көрбөйбү.
Ажал келсе башына
Алтындап үйгө кирсе да,
Айла канча өлбөйбү.
Узун өмүр бак болсо,
Ажалсыз адам өлөбү.
Батаңды берчи, энеке,
Уулуңдун анык жөнөрү.
Уруша турган душман жок,
Ак аркар издеп барамын,
Буюрган болсо жараткан,
Буйдалбай издеп табамын.
Бошотосуң, энеке ай,
Муунуңду бекерге.
Кыйрына түшүп санаанын,
Басар жолдон айныбай,
Жөнөсүн жолго каралдың.
Айланайын, энеке,
Күлүп туруп узатчы,
Байлабай жолун балаңдын.
Атам Төштүк сырттандын
Казабына калганча,
Тирүү жүрбөй өлөйүн,
Туубай туна чөгөйүн».
Барар жолдон айныбай,
Бала турду карганып.
Эрдигине уулунун
Кенжеке турду таңданып.
Карагаттай көзүнөн
Мөлтүрөп жашы айланып.
Калкын жыйып баланын,
Жөнөтмөк болду камданып.
Айлына жигит чаптырып,
Кенжеке кабар берди эле,
Айтылуу кыпчык анылы
Бүт жыйналып келди эле.
Ошолордун ичинде
Карысы бар, жашы бар,
Сараңбайдын Сарыбай,
Ушул элге баркы бар.
Кенжекеден кеп угуп,
Аркар издеп Жоодарды,
Аттанат экен деп угуп,
Сарыбай аке кеп айтат:
Ыйлаба, Кенеш,— деп айтат.

