Аны берип кеп айтат,
Баяндап баарын эми айтат:
«Балам, Жоодар, жөнөгүн,
Күн чыгыш жакты бет алып,
Энеңдин айткан акылын,
Унутуп калбай эске алып.
А дегенде сен өзүң
Таятаңа барасың.
Басып өтүп кадимки,
Убактын жайык талаасын,
Аралап өтүп миң кырка
Капчыгай тоонун арасын.
Нечен айлап жол жүрүп,
Ара-Көлдү жердеген,
Кара тезин эл деген
Агай канды табасын.
Таятаңа барганда,
Калын кыпчак элинен,
Каны менен бегиңен,
Кебез-Тоо асыл жеринен
Атайылап салам — де,
Эрен Төштүк баш болуп,
Эли-журту аман — де.
Энемдин дини сак — дегин.
Элим менен жеримде
Пейкутчулук чак — дегин.
Эл атасы Элеман,
Токсон тогуз жашында
А дүйнө көздөй кектеп — де.
Энекебиз Гүлайым
Чалы менен тең, карын,
Бул дүйнөдөн өткөн — де.