Ат башына иш түшсө,
Ооздук менен суу ичсе,
Арып ачып кетет — деп,
Токумуң кылдым тогуз кат,
Желдигин кылдым жети кат,
Мээр чөптөн ширетип,
Кошо тиктим эки кат.
Ат башына иш түшсө,
Тигишин таап, сөгүп көр.
Бууданың арып кетпесин,
Бир тутамдан берип жүр.
Ар акылым сап болду,
Башкасын, балам, өзүң бил».
Мына ошондо Кенжеке,
Көзүнөн жашын төктү эле.
Кош айтып Жоодарбешимге,
Эки беттен өптү эле.
Кары, жаш ыйлап буркурап,
Узатышты Жоодарды,
Батасып берип чуркурап.
Кылкараны эр Жоодар
Күн чыгыш жакка бурду эле.
Үзүлгөнчө карааны
Үймөлөктөп калың эл
Үркөрдөй болуп турду эле.

ЖООДАРБЕШИМДИН АЛТЫН БАШТУУ АК АРКАРГА АТТАНГАНЫ

Кайран Жоодар ошондо
Узак жолго салды эле.
Эли кыпчак, Кебез-Тоо,
Жери артта калды эле.
Алдындагы Кылкара
Жал куйругун жайды эле.
Басканына мал жетпей,
Желгенине жел жетпей,
Шамалдай жөнөп калды эле.
Жоодарбешим балаңыз
Баратканын караңыз.
Минген аты Кылкара,
Кийген тону Кылторко,
Көргөндүн көөнү түшкөндөй,
Баратканда бул жолго.
Жаныбарың Кылкара
Айбанды зору маңкаят,
Үстүндөгү эр Жоодар
Ала-Тоодой даңкаят.
Жарагын илип жанына
Жагалданып чалкалап.
Басар жолдо болжол жок,
Баатырыңды карагын,
Жанына алган жолдош жок.
Аябай кетип баратат
Адыр-адыр бел менен,
Адырмактуу тоо менен.
Адырдын чөбү суюлуп,
Адырдан кийик куюлуп.
Бүдүр-бүдүр жол менен,
Будурмактуу тоо менен,
Будурдун чөбү суюлуп,
Будурдан кийик куюлуп.
Аны көрүп баратып,
Кантип көөнүң наалыбайт.