Жоодарбешим
Каман-чочко жер түртүп,
Жемиши жатса чачылып,
Каадасын такыр койбогон.
Жаагын баспай ышкырып,
Улуу тоодо улары.
Илбээсинди илип жеп,
Көкөлөп учуп тынары.
Көрүнгөн жанды алып жеп,
Канаттуу куштун кырааны.
Кайкы канат асылдар,
Кадимки ала барчындар.
Коёну оттоп кодулда,
Адам атын билбеген,
Канча түрлүү илбээсии,
Аралаш жүрөт жолунда.
Кекилик, чили керүүдө,
Бөдөнө, тартар, безбелдек
Жайнап учса жарышып,
Жага турган көңүлгө.
Кумар жазар жер экен
Кийик уулап, аң атып,
Атайылап келүүгө.
Тоодагы оттоп бозунда,
Миң бир түркүн жан жүрөт,
Талаа, түзү, тоосунда.
Кээ бир жери саз болуп,
Ала-була көлдөргө
Өрдөк, чүрөк, каз толуп.
Туура-туура суу болуп,
Балыгы ойноп секирип,
Узун моюн куу конуп.
Жемиши жатса чачылып,
Каадасын такыр койбогон.
Жаагын баспай ышкырып,
Улуу тоодо улары.
Илбээсинди илип жеп,
Көкөлөп учуп тынары.
Көрүнгөн жанды алып жеп,
Канаттуу куштун кырааны.
Кайкы канат асылдар,
Кадимки ала барчындар.
Коёну оттоп кодулда,
Адам атын билбеген,
Канча түрлүү илбээсии,
Аралаш жүрөт жолунда.
Кекилик, чили керүүдө,
Бөдөнө, тартар, безбелдек
Жайнап учса жарышып,
Жага турган көңүлгө.
Кумар жазар жер экен
Кийик уулап, аң атып,
Атайылап келүүгө.
Тоодагы оттоп бозунда,
Миң бир түркүн жан жүрөт,
Талаа, түзү, тоосунда.
Кээ бир жери саз болуп,
Ала-була көлдөргө
Өрдөк, чүрөк, каз толуп.
Туура-туура суу болуп,
Балыгы ойноп секирип,
Узун моюн куу конуп.

