Аяк, башы көз жетпейт,
Жердин жүзү тунарып.
Учу-кыйры билинбей,
Басып жатат мунарык.
Булут тап учкан буусу жок,
Солуп калган чөл экен,
Сокур булак суусу жок.
Эшилген кумду төтөлөп,
Жөө баратат чөл кесип,
Сырттандын уулу эр Жоодар
Кылкараны жетелеп.
Бара, бара кыйындап,
Куму кызып от болуп.
Какыраган кара таш,
Чөп тамыры жок болуп.
Какшыган чөлдү кыдырып,
Баатыр Жоодар жер кезип,
Каны качып, ал кетип,
Жаныбарын Кылкара
Бучкагынан тер кетип.
Ошо кезде эр Жоодар
Жаңгактан башка жыгач жок,
Бир токойго кез келип.
Көк чөбү өсүп көйкөлүп,
Көк мейкини талаа өзгөрүп,
Баатыр келип караса
Жаралганы ээн болгон,
Жаңгагы кулап көң болгон.
Бастырып кирсе аралап,
Кишидей болгон маймылдар
Ар жыгачтын башыңан
Карап турат сагалап.
Учуп, конуп шагына
Асем тоту, жөн тоту
Жаңгактарын чагып жеп,
Ичинен данын алып жеп.
Асем тоту жаныбар
Куйругу кучак чубалып,
Миң кубулуп жүндөрү,
Эчен түр салып буралып.
Жарышып сайрап булбулу,
Жаркытчуудай муңдууну.