Жоодарбешим
Кулагынан тер чыгып,
Бүткөн боюн ысытып,
Тарамышын созгулап,
Төрт аягын кызытып,
Араандай оозун ачты эми.
Кара-Көлгө кетүүчү
Тарам жолго келгенде
Ак көбүгүн чачты эми.
Эч нерсенин дайны жок,
Үстүндөгү баланы
Аркырап алып качты эми.
Жоодарбешим ошондо,
Эки жагын караса,
Көзгө бир жан илинбейт,
Алдындагы Кылкара
Не шашканы билинбейт.
Ал аңгыча болгон жок,
Чоңдугун айтпа болжол жок,
Сол кол жагы кара коо
Бөлүп жаткан турбайбы.
Болжолуна жетсин — деп,
Чөгүп жаткан турбайбы.
Чоңдугу тоонун теңиндей,
Жоодар эмес башканы
Бир айкырса жегидей.
Каарланып чамынып,
Кабактан тура калганы,
Баатырга тумшук салганы.
Жалгыз көздүү желмогуз,
Одураңдап оншондоп,
Баатыр Жоодар артынан
Жөнөп калды соксоңдоп.
Анда-мында бир тийип,
Айбат менен атылып,
Аткып өткөн жеринен
Аңтарылып топурак,
Артын көздөй чачылып.
Бүткөн боюн ысытып,
Тарамышын созгулап,
Төрт аягын кызытып,
Араандай оозун ачты эми.
Кара-Көлгө кетүүчү
Тарам жолго келгенде
Ак көбүгүн чачты эми.
Эч нерсенин дайны жок,
Үстүндөгү баланы
Аркырап алып качты эми.
Жоодарбешим ошондо,
Эки жагын караса,
Көзгө бир жан илинбейт,
Алдындагы Кылкара
Не шашканы билинбейт.
Ал аңгыча болгон жок,
Чоңдугун айтпа болжол жок,
Сол кол жагы кара коо
Бөлүп жаткан турбайбы.
Болжолуна жетсин — деп,
Чөгүп жаткан турбайбы.
Чоңдугу тоонун теңиндей,
Жоодар эмес башканы
Бир айкырса жегидей.
Каарланып чамынып,
Кабактан тура калганы,
Баатырга тумшук салганы.
Жалгыз көздүү желмогуз,
Одураңдап оншондоп,
Баатыр Жоодар артынан
Жөнөп калды соксоңдоп.
Анда-мында бир тийип,
Айбат менен атылып,
Аткып өткөн жеринен
Аңтарылып топурак,
Артын көздөй чачылып.

