Жоодарбешим
Тогуз дайра туура суу
Тогуз тепчип кечиптир.
Токсон белес кыркалап,
Токтобостон өтүптүр.
Ээр белдей белеске
Эрениң токтоп калды эле,
Не кызыктар болот — деп,
Туш-тушка көзүн салды эле.
Карап турса баатырың
Каптаган аттын изи бар.
Кара жерди чаң кылып,
Жортуп өткөн киши бар.
Аттын салып изине,
Бастырса баатыр кичине,
Кырк бир адам жарактуу
Чыгып калды алдынан,
Эл талаган каракчы.
Айталы мунун дайнынан,
Киши өткөрбөй олжо алган,
Мыкаачынын айлынан.
Күнү-түнү жол тосуп,
Жалгыз-жарым жан болсо,
Булардан аман кетпеген.
Укумунан тукуму
Киши союп эт жеген,
Бүгүн жолго чыгыптыр,
Караанын көрүп баланын,
Кайкаңдап тосуп туруптур.
Баатыр жакын келгенде,
Ким экенин ылгабай,
Текши найза сунуптур.
Тогуз тепчип кечиптир.
Токсон белес кыркалап,
Токтобостон өтүптүр.
Ээр белдей белеске
Эрениң токтоп калды эле,
Не кызыктар болот — деп,
Туш-тушка көзүн салды эле.
Карап турса баатырың
Каптаган аттын изи бар.
Кара жерди чаң кылып,
Жортуп өткөн киши бар.
Аттын салып изине,
Бастырса баатыр кичине,
Кырк бир адам жарактуу
Чыгып калды алдынан,
Эл талаган каракчы.
Айталы мунун дайнынан,
Киши өткөрбөй олжо алган,
Мыкаачынын айлынан.
Күнү-түнү жол тосуп,
Жалгыз-жарым жан болсо,
Булардан аман кетпеген.
Укумунан тукуму
Киши союп эт жеген,
Бүгүн жолго чыгыптыр,
Караанын көрүп баланын,
Кайкаңдап тосуп туруптур.
Баатыр жакын келгенде,
Ким экенин ылгабай,
Текши найза сунуптур.

