Учурашып Агайга,
Жай сурашып далайга,
Кучактап беттен өбүшүп,
Топтоп келген калың журт,
Тобу менен көрүшүп.
Бала баатыр кеп айтат,
Эл-жерим эсен деп айтат.
Энекеси Кенженин
Аманат сөзүн эми айтып,
Бала да болсо баатырың,
Баштан аяк жөн айтып.
Эчен кызык көрдүм — деп,
Ушул жолдо келатып.
Калын, кыргыз элинин
Сарамжалы шай — деди.
Таята сенин шаарына
Келип калдым жай — деди.
Эл көңүлүн кубантты
Баатырдын айткан жай кеби.
Агай кандын шаарында
Кыйла күнү жатыптыр,
Даам ичип, тузун татыптыр.
Аттанып чыгын кийикке,
Агай кан менен уу кылды.
Аркар атып, бөкөн кууп,
Талаанын бетин чуу кылды.
Тоо кийигин кубалал,
Ойго шылап атыптыр.
Ой кийигин кубалап,
Тоого шылап атыптыр.
Бала күндөн бер жаккы,
Бар кумарын жазыптыр.
Кайра тарткан жолунда
Таятасы Агайга
Ичиндеги сырды айтат,
Жашырбай баатыр чынды айтат:
«Айланайын, таята,
Келгеним кыйла күн болду,
Ат арытып алыстан,
Басып келдим көп жолду.