Жоодарбешим
Эзилишип сүйлөшүп,
Эсендикти билиштик,
Түрмөгүн сөздүн түрүштүк,
Түп атаны сүрүштүк.
Орустанбектин он уулу,
Как ошондон тараган
Бир экен го түбүбүз,
Кеңиген экен кыйрыбыз,
Жазылган экен учубуз.
Кара кыргыз болгону,
Бирге тура учубуз.
Эми менин айтарым,
Көңүл бөлүп угуңуз.
Мындан ары, атаке,
Басар жерим мол жатат,
Бара турган жумуштап,
Көп күнчүлүк жол жатат.
Ак-Булактын Миң-Кыя,
Так ошону чаламын.
Токсон тоонун урунуш,
Токсон дайра куюлуш,
Куюлуштун ар жагы,
Айтылуу Алтын-Булакты
Ат арыта табамын.
Алтын баштуу Ак аркар,
Аны издеп барамын.
Ал кызыкты кылбасам,
Атам Төштүк сырттандын
Казабына каламын.
Андан көрө, атаке,
Акылың айтып, онго сал,
Аныктап туруп дайынын,
Кечиктирбей жолго сал».
Муну укканда Агай кан,
Көздөн жашын имерип,
Мууну бошоп ошондо,
Бышактап ыйлап жиберип:
«Жээним, Жоодар, каралдым,
Тогуз кызды узатып,
Жыргалын көрдүм баланын.
Эркектен калган туяк жок,
Ичиме толду убайым.
Үч убакта зарлап ыйласам,
Укпады аны кудайым.
Эсендикти билиштик,
Түрмөгүн сөздүн түрүштүк,
Түп атаны сүрүштүк.
Орустанбектин он уулу,
Как ошондон тараган
Бир экен го түбүбүз,
Кеңиген экен кыйрыбыз,
Жазылган экен учубуз.
Кара кыргыз болгону,
Бирге тура учубуз.
Эми менин айтарым,
Көңүл бөлүп угуңуз.
Мындан ары, атаке,
Басар жерим мол жатат,
Бара турган жумуштап,
Көп күнчүлүк жол жатат.
Ак-Булактын Миң-Кыя,
Так ошону чаламын.
Токсон тоонун урунуш,
Токсон дайра куюлуш,
Куюлуштун ар жагы,
Айтылуу Алтын-Булакты
Ат арыта табамын.
Алтын баштуу Ак аркар,
Аны издеп барамын.
Ал кызыкты кылбасам,
Атам Төштүк сырттандын
Казабына каламын.
Андан көрө, атаке,
Акылың айтып, онго сал,
Аныктап туруп дайынын,
Кечиктирбей жолго сал».
Муну укканда Агай кан,
Көздөн жашын имерип,
Мууну бошоп ошондо,
Бышактап ыйлап жиберип:
«Жээним, Жоодар, каралдым,
Тогуз кызды узатып,
Жыргалын көрдүм баланын.
Эркектен калган туяк жок,
Ичиме толду убайым.
Үч убакта зарлап ыйласам,
Укпады аны кудайым.

