Жоодарбешим
Кечиктирбей, тездетип,
Жээниң Жоодар жолун тап.
Анан болсом деним сак
Ак-Булак жолун чалармын,
Алтындай жүзүң көрмөккө,
Бир айланып табармын.
Кабыл болсо тилегим,
Узак жолду чалармын.
Учурашып кеткенге,
Бурулуп келип калармын.
Буюрган болсо напсиме,
Алтындай көзүң көрөрмүн.
Таятам Агай эле — деп,
Атайы изден келермин».
Жоодарбешим сөзүнө
Агай кан көөнү бурулду.
Айтканынын баары чын,
Сөз кайырбай жыгылды:
«Кечиктирбей камдадым,
Жоого кийчү жаракты».
Ылайык деп берди эле,
Жети аяктуу Жээрде атты,
Алты аяктуу ала атты.
Жана мында аңгеме,
Арнап берди балага,
Алтын жаак сыр жебе.
Капталын күмүш уюткан,
Алтын каштуу ак канкым,
Кылкарага токуса,
Келе түштү сынына.
Жана берди Агай кан
Болот кылыч, нар кескен
Салып туруп кынына.
Таятасы бергенди
Бала түгөл алганы.
Кошуп берди жанына
Жезилик деген балбанды.
Агай кандан бата* алып,
Жоодар жөнөп калды элет
Учу кыйры белгисиз,
Узак жолго салды эле.
Бала баатыр келатат,
Кылкарасы алдында,
Кылторкосу жонунда,
Алты аяктуу ат минип,
Жети аяк атты жетелеп,
Жезилик балбан соңунда,
Эрегишип калышса,
Эзелки сөздөн салышып,
Үзөңгү бутта кагышып,
Түзгө келсе жарышып,
Ыңгайына келгенде,
Өргүп жатын калышып.
Ат арытып жол жүрдү,
Эки жагын карабай,
Жоо чыгат деп алдымдан,
Шек келтирип самабай.
ЖАНААЛЫ ДӨӨ МЕНЕН БОЛГОН СОГУШ
Баатыр Жоодар баратса,
Каадасынча Кылкара
Бугудай мойнун бурду эле,
Сырттан эрдин өзүнө
Минтип сүйлөп турду эле:
«Эрдигиң бар, эсиң жок,
Эч нерсе менен ишин, жок,
Экөөң бирдей бараткан,
Эне баатыр экенсиң.
Мен билгенди билдиңби,
Мен туйганды туйдунбу?
Ара күндүк жол калды
Кайнардын Кара-Көлүнө,
Жаяндын уулу Жанаалы
Мекен кылган жерине.
Келип токтоп турамын,
Энчи басып, ээ болуп,
Коюп койгон чегине».
Деген кезде Кылкара
Жезнай укмуш кеп айтат:
«Кара-Көлүн кайнардын
Агача канды жайы кылып,
Тартып алып ээ ошо.
Багынбаган эч кимге,
Жандан ашкан дөө ошо.
Куу кулан деген аты бар,
Куу жебе деген жаасы бар,
Тиктегенди көзгө аткан,
Баатырым мындай касың бар.
Жанаалы дөөнүн салты бар,
Анын мындай анты бар.
Кара-Көлдү айланта,
Жерге койгон чеги бар,
Сыры башка Жанаалы,
Анын мындай кеби бар.
Кара-Көл ээлеп чек койгон,
Чек арасын бек койгон,
Андан чыгып бастырып,
Четке чыкпайм деп койгон.
Чек арага келгенди,
Башын алып жеп койгон,
Андан кийин Жаңаалы,
Кырк кез орду кырк жерге,
Кырка тартып казыптыр.

