Жоодарбешим
Бир беттешип дөө менен,
Былчылдашын көрсөм — деп,
Бар кумары ашынып.
Ара жолго келгенде,
Алдындагы Кылкара
Коендой буйтап булт этип.
Басар жолдун огунан
Атып чыкты жылт этип.
Айбандан эстүү жаныбар
Жата калды жалп этип.
Кайдан-жайдан ким билет,
Жылаандан бетер ышкырып,
Жебенин огу жеткени,
Жаныбарың Кылкара
Куйругун жанып өткөнү.
Бир жарк этип жок болуп,
Жерге кирип кеткени.
Ал аңгыча болгон жок,
Арстандай күр этип,
Чоңдугу тоонун теңиндей,
Ким көрүнсө жегидей.
Адамдан башка айбаты,
Арстандай кайраты.
Кула чаңгыл аты бар,
Марчалуу ала борчуктай,
Бодурайган өңү чаар,
Жандан орой сөзү бар,
Ачылган көрдөй көзү бар.
Болот калкан, сыр найза
Оңдоп кармап колуна,
Кезеп чыкты тим эле,
Берендин келчү жолуна.
Мына ошондо Жанаалы
Маадайлаша калганы.
Берен Жоодар эр менен
Таңдайлаша калганы.
Былчылдашын көрсөм — деп,
Бар кумары ашынып.
Ара жолго келгенде,
Алдындагы Кылкара
Коендой буйтап булт этип.
Басар жолдун огунан
Атып чыкты жылт этип.
Айбандан эстүү жаныбар
Жата калды жалп этип.
Кайдан-жайдан ким билет,
Жылаандан бетер ышкырып,
Жебенин огу жеткени,
Жаныбарың Кылкара
Куйругун жанып өткөнү.
Бир жарк этип жок болуп,
Жерге кирип кеткени.
Ал аңгыча болгон жок,
Арстандай күр этип,
Чоңдугу тоонун теңиндей,
Ким көрүнсө жегидей.
Адамдан башка айбаты,
Арстандай кайраты.
Кула чаңгыл аты бар,
Марчалуу ала борчуктай,
Бодурайган өңү чаар,
Жандан орой сөзү бар,
Ачылган көрдөй көзү бар.
Болот калкан, сыр найза
Оңдоп кармап колуна,
Кезеп чыкты тим эле,
Берендин келчү жолуна.
Мына ошондо Жанаалы
Маадайлаша калганы.
Берен Жоодар эр менен
Таңдайлаша калганы.

