Кулдук сурап куураба,
Өзүң аттан түшүп бер,
Кур бекер болбой убара.
Жаяндын уулу Жанаалы,
Кандай арга кылсаң да,
Аксаамай сулуу меники.
Айланып кетпей төбөңдөн,
Аңдыган ажал секики.
Ошол Жоодар балаңыз
Айтып сөзүн бүткөн жок,
Ачуусу чукул Жанаалы,
Акырына күткөн жок.
Алдындагы Куу кулан
Аябай камчы салды эле.
Кезеп кармап найзасын,
Баатыр Жоодар балаңа
Күркүрөтүп калды эле.
«Баатыр болсоң, эр болсоң,
Эр Төштүктөн туулгам,
Эрен Жоодар сен болсоң,
Эрдик салтты кылгын — деп,
Биринчи кезек меники,
Кылкаранын үстүнө,
Кыймылдабай тургун» —деп.
Акылдашып алгандай,
Эрлердин мындай салты бар.
Айтканынан кайтпаган,
Эрлердин катуу анты бар.
Кайран Жоодар ошондо,
Сыр найзасын өңөрүп,
Кылкаранын үстүндө
Былкылдабай турду эле,
Эрдин тиштеп көгөрүп.
Тоодой болгон Жанаалы,
Куу кулан менен качырды,
Жер шыпыртып шамалды.
Алтын ээр кашы — деп,
Ай балканын башы — деп,
Болжоп барып баланы.
Оңтоюна жетти эле,
Кылкарада Жоодарды
Найза менен сүбөгө
Катуу муштап өттү эле.