Жоодарбешим
Таноолору былкылдап,
Көзү ачылбай шылкылдап.
Эч адамдан жардам жок,
Козголо турган дарман жок.
Ат үстүндө алдырап,
Араң турган Жанаалы
Көзү чалды баланы:
«Сырттаным,— деп, кеп айтат,—
Уул экенсиң,— деп, айтат. —
Эр Төштүктөн туулган,
Анык баатыр, эр болсоң,
Айтканымды угарсың,
Жамандыкка жакшылык,
Сырттан болсоң кыларсың.
Өзүм келип катылдым,
Ушундай болмок катыгым.
Айтарым ушул, сырттаным,
Жанаалы дөөнү союн кет,
Жайымды терең оюп кет,
Ит менен кушка жем кылбай,
Карангы жайга коюп кет,
Тындым кылып тынып кет,
Бир күчүңдү аябай,
Кара корум кылып кет.
Куу кулан атым токуп кет,
Айткан сөзүм аманат
Бир жолу куран окуп кет.
Угуп турчу, сырттаным,
Көөдөктүк кылып билбепмин,
Иш түшөт деп башыма
Жолдош күтүп жүрбөпмүн.
Күчкө ишенип дууладым,
Алым жеткен адамга
Бир жакшылык кылбадым.
Жаным барда жыргадым,
Дос болом деп, кыйла жан,
Өзүмдү издел келгенде,
Чымчыктай башын жулгамын.
Эсирип жүргөн наадандык,
Айланын жетти өзүмө,
Арстан болсоң көңүл бур,
Аманат айткан сөзүмө.
Кыстаган ажал меники,
Кыяматта ыраазы,
Аксаамай сулуу сеники.
Кыйналып кетип баратам,
Кылычтап башым кыйып кет.
Көп кечикпей жолуңдан,
Кызыл корум кылып кет».
Көзү ачылбай шылкылдап.
Эч адамдан жардам жок,
Козголо турган дарман жок.
Ат үстүндө алдырап,
Араң турган Жанаалы
Көзү чалды баланы:
«Сырттаным,— деп, кеп айтат,—
Уул экенсиң,— деп, айтат. —
Эр Төштүктөн туулган,
Анык баатыр, эр болсоң,
Айтканымды угарсың,
Жамандыкка жакшылык,
Сырттан болсоң кыларсың.
Өзүм келип катылдым,
Ушундай болмок катыгым.
Айтарым ушул, сырттаным,
Жанаалы дөөнү союн кет,
Жайымды терең оюп кет,
Ит менен кушка жем кылбай,
Карангы жайга коюп кет,
Тындым кылып тынып кет,
Бир күчүңдү аябай,
Кара корум кылып кет.
Куу кулан атым токуп кет,
Айткан сөзүм аманат
Бир жолу куран окуп кет.
Угуп турчу, сырттаным,
Көөдөктүк кылып билбепмин,
Иш түшөт деп башыма
Жолдош күтүп жүрбөпмүн.
Күчкө ишенип дууладым,
Алым жеткен адамга
Бир жакшылык кылбадым.
Жаным барда жыргадым,
Дос болом деп, кыйла жан,
Өзүмдү издел келгенде,
Чымчыктай башын жулгамын.
Эсирип жүргөн наадандык,
Айланын жетти өзүмө,
Арстан болсоң көңүл бур,
Аманат айткан сөзүмө.
Кыстаган ажал меники,
Кыяматта ыраазы,
Аксаамай сулуу сеники.
Кыйналып кетип баратам,
Кылычтап башым кыйып кет.
Көп кечикпей жолуңдан,
Кызыл корум кылып кет».

