Акыл-эси жок болсо,
Орой-чарай сөз угуп,
Уят болуп жүрбөйлү».
Эки баатыр келгени,
Айтар сөзүн камына.
Энтиктирип аттарын,
Кыздардын келди жанына.
Байкабаган жанга окшоп,
Келин-кыз басты жабыла.
Бул кызыкты көргөндө,
Кылыгы —деп кыздардын,
Терикпей Жоодар кеп айтат:
«Аяр кылып, сулуулар,
Тура турчу — деп, айтат.
Сурай турган сөзүм бар,
Көңүл бөлүп бир паска
Уга турчу — деп, айтат.
Ак ичик кийген, сулуулар,
Кичүү менен улуунар,
Азыраак айтар сөзүм бар,
Айып этпей угуңар.
Адамды көзгө илбеген,
Уят иш болот мунунар.
Алыска чыккан аттанып,
Биз адашкан жолоочу.
Конок жайы бар болсо,
Мурунтан калган салт менен,
Ат өргүтүп конолук.
Узак жерден жол кезип,
Арыдык конок бололук.
Айлананды карасам,
Күйгөн жакут ордосу.
Дарбазасы чылк алтын,
Артык окшойт болжолу.
Күмүш эшик, жез үртүк*,
Бул калаа кимдин коргону?
Энчи кылып ээлеген,
Элдүү кишиң ким экен?
Казынасы толтура,
Зээрдүү кишиң ким экен?
Көз жиберип карасам,
Көйкөлүп чыккан чынар бак,
Көрүнүшү башкача,
Көз тайгылткан муңар бак.
Мунарындай көк тиреп,
Конгон экен урмат, бак.
Ушул элди башкарган
Таалайы артык жан окшойт.
Сейилине жай салган,
Ким болсо дагы кан окшойт.
Сарамжалы сан жеткис,
Сары алтын сарай салгызган,
Бир асыл кишиң бар окшойт.
Ушул менин сурарым,
Эрикпей, сулуу, айтып бер,
Аныгын сенден угайың.
Ат сергитип, даам татып,
Кайра жолго чыгайын.
Бизге деген насипти,
Буюрган болсо кудайым.