Түбү душман эмеспиз,
Жашырбай, сулуу, чын сүйлө,
Бекерге жебей убайын».
Деген кезде Аксаамай
Баатырга жүзүн бурду эле.
Көзүнө көзү кадалып,
Алдыртан карап турду эле.
Бугудай басып буралып,
Сүмбөдөй* бою суналып,
Кундуздай болгон кара чач,
Сооруга түшүп чубалып.
Басканы калтар сойлоктоп,
Оймок ооз, кара көз,
Карашы башка ойноктоп.
Кирпиги катар сайгандай,
Карлыгач канат, кыйгач каш,
Таң сөгүлүп аткандай,
Жаркыны башка аялдан,
Күмүш нурлуу ай маңдай.
Бети кызыл тамылжып,
Арчадан түшкөн чокко окшоп.
Ажары башка адамдан,
Алоолоп күйгөн отко окшоп.
Кыпча бели кыналып,
Кыргыйдай боюн сыланып.
Шөкүлөсү* көк тиреп,
Саймалуу көйнөк кош этек,
Саамайы желге желбиреп.
Терең акыл, бир сырлуу,
Азаматтын жары экен.
Капа кылбай өмүрүн,
Кабылган эрдин башы экен.
Бышып турган мөмө экен,
Көз кыйыгын чалган жан,
Сулуусуна суктанып,
Кумар болор неме экен.
Баатыр Жоодар баланын,
Анчейин издеп келгени
Арыдан башка жан болуп,
Бул дүйнөдө болгондун,
Баары чыгып оюнан,
Карап турду дал болуп.
Сүйлөгөн сөзү сүйкүмдүү,
Ширеси замзам бал болуп.
Сөөгү таза, бою алтын,
Тамчы суудай мөлтүрөп.
Көргөн жерде суктанып,
Эт жүрөгү элжиреп.
Ак жибектей үлпүлдөп,
Ак тамагы бүлкүлдөп,
Асталап сулуу сүйлөсө,
Мукамы назик, тили бал,
Кылымда болбойт мындай жан.