Жоодарбешим
Жан жаралган кара жер,
Жигин билген азамат.
Кыз-келин тилин билбейби,
Эгер билсе ал жигит,
Кычаш сөздү сүйлөйбү.
Таарынышпай, садага,
Так сөздөн айтып сүйлөйлү.
Угуп турсаң азамат,
Аксаамай эжең сөзү ушул.
Аксаамай, кырк кыз Жоодарды,
Көрүп турган кези ушул.
Бараттык эле шашылыш,
Баатыр, соз баштап келдиң, катылып.
Айыптаба азамат,
Бар беле дагы айтарың.
Башка сөзүң жок болсо,
Айылды көздөй кайтайын.
Ай тийген тоонун балкыны
Оорутпасын көөнүңдү
Айтылган сөздүн салкыны.
Күн тийген тоонун балкыны
Кирдетпесин көөнүңдү
Келтирген сөздүн салкыны.
Болору иштин болуптур,
Капа кылбай асыра,
Атамдан калган калкымды».
Муну айтып Аксаамай,
Басмак болду бурулуп.
Асем тоту түрлөнүп,
Азели булбул үндөнүп,
Токсон тогуз кубулуп.
Кыз-келин турат топтошуп,
Колтуктан сүйөп коштошуп.
Айтканы мукам угулуп,
Кыз сөзүнө эр Жоодар
Кете койбос жыгылып.
Жаактууга жай бербес,
Жайдак атка бой бербес,
Жоодарбешим эр эле.
Айтканынан кайтпаган,
Убадага бек эле.
Эбине келсе эңилген,
Кезектүү сөз келгенде,
Көп сүйлөбөй жеңилген.
Баатыр Жоодар кеп айтат,
Аксаамай артык сулууга
Аныктап сөздү эми айтат:
«Агача кызы Аксаамай,
Сөз сүйлөдүң бир далай.
Айткандарың кадалып,
Сөөгүмө тийди эң таамай.
Кейиштүү сөздү сүйлөдүң,
Пери заада бейтаалай.
Жигин билген азамат.
Кыз-келин тилин билбейби,
Эгер билсе ал жигит,
Кычаш сөздү сүйлөйбү.
Таарынышпай, садага,
Так сөздөн айтып сүйлөйлү.
Угуп турсаң азамат,
Аксаамай эжең сөзү ушул.
Аксаамай, кырк кыз Жоодарды,
Көрүп турган кези ушул.
Бараттык эле шашылыш,
Баатыр, соз баштап келдиң, катылып.
Айыптаба азамат,
Бар беле дагы айтарың.
Башка сөзүң жок болсо,
Айылды көздөй кайтайын.
Ай тийген тоонун балкыны
Оорутпасын көөнүңдү
Айтылган сөздүн салкыны.
Күн тийген тоонун балкыны
Кирдетпесин көөнүңдү
Келтирген сөздүн салкыны.
Болору иштин болуптур,
Капа кылбай асыра,
Атамдан калган калкымды».
Муну айтып Аксаамай,
Басмак болду бурулуп.
Асем тоту түрлөнүп,
Азели булбул үндөнүп,
Токсон тогуз кубулуп.
Кыз-келин турат топтошуп,
Колтуктан сүйөп коштошуп.
Айтканы мукам угулуп,
Кыз сөзүнө эр Жоодар
Кете койбос жыгылып.
Жаактууга жай бербес,
Жайдак атка бой бербес,
Жоодарбешим эр эле.
Айтканынан кайтпаган,
Убадага бек эле.
Эбине келсе эңилген,
Кезектүү сөз келгенде,
Көп сүйлөбөй жеңилген.
Баатыр Жоодар кеп айтат,
Аксаамай артык сулууга
Аныктап сөздү эми айтат:
«Агача кызы Аксаамай,
Сөз сүйлөдүң бир далай.
Айткандарың кадалып,
Сөөгүмө тийди эң таамай.
Кейиштүү сөздү сүйлөдүң,
Пери заада бейтаалай.

