Кыйытып какшык көп айтат,
Аксаамай сулуу деп айтат:
«Шүгүрчүлүк, эсендик,
Кандын уулу канзаада.
Бектин уулу бекзаада,
Бекиткен сыры көп заада.
Эрдин уулу эр заада,
Бала канкор атанып,
Эр өлтүргөн шер заада.
Жолоочумун — деп, келип,
Жердин жайын сурадың.
Билмексен адам өңдөнүп,
Элдин жайын сурадың
Айтып бер — деп, аныгын,
Бекерге жебей убайым.
Билмексен болгон сөзүңдүн,
Барлыгын билип турамын.
Жанаалыдан айырып,
Ичиме салдың муңайым.
Жакшы эрдин баласы,
Жакшына жигит жарайбы,
Жаралуу жанды күйгүзүп,
Шакаба кылып турганың.
Бейтаалай болуп жаралып,
Башынан шагым сынганмын.
Кайгы-муң ээлеп жок кылган,
Жаралган жаштык жыргалын.
Бала кезден башталып,
Башынан башым курганмын.
Атадан калып бир жетим,
Тутка кылып турамын.
Көзү өтүп ата, энемдин,
Көп эстеп жүрүп куурадым.
Жанымды салып кейишке,
Жагымсыз болгон курбалын.
Жагымсыз болсо мейли эле,
Жандашып калган жар үчүн
Жалганда тарттым убайым.
Элемандын кенжеси,
Сырттап Жоодар атанган,
Баатыр сендей болобу?
Жолоочу болуп кубулуп,
Берен сендей болобу?
Эл кишиси акылман,
Терең сендей болобу?
Кимдики деп сурайсың,
Капалуу сепил короону.
Кашкая күлүп калп эле,
Жарабас, баатыр, турганың.
Жалынга салат адамды,
Жанатан шылдың кылганын.
Эр баласы эр болсо,
Ар кылык сөздү таппайбы,
Билмексен киши өңдөнбөй,
Жай сурап, көңүл айтпайбы.
Саргарган өңдү жазбайбы,
Бүркөлүп жүргөн кабакты
Күн тийгендей ачпайбы.
Кыдырып келип кыйланы,
Жерди билген азамат.
Жортуп келип алыстан,
Элди билген азамат.
Аралап жүрүп ааламды,
Шаарын билген азамат.
Бул дүйнөдө болгондун
Баарын билген азамат.
Адам эмес айбандын
Тилин билген азамат.