Жоодарбешим
Кырымкандын Кыргыйбек,
Бала баатыр кан келип.
Уулу Жоодар шер келип,
Жезиликтей эр келип,
Кайран Төштүк сырттандын,
Каалаганы тең келип.
Алаңбайдын Абылап,
Саранбайдын Сарыбай,
Калк атасы Карабай,
Сырттан Төштүк ой кылды,
Жети кан элин чогултуп,
Ааламда жок той кылды.
Кебез-Тоо ичи кез болуп,
Кыжылдаган эл болуп.
Ала-Тоодон эт болуп,
Ала-Көлдөй чык болуп.
Тойдо кызык көп болуп,
Жалпы журтка эп болуп.
Калкы туура табышып,
Ак кийизге салышып.
Алтын таажы кийгизип,
Алтын такка мингизип.
Эр Жоодарды кыпчакка,
Кан көтөрүп алышып.
Топураган той тарап,
Азганакай бул элдин,
Ээси Жоодар болуптур.
Акыл айтыл башкарган,
Мээси Жоодар болуптур.
Ошо күнү чыныгы,
Жоодар атка конуптур.
Күн өткөрүп арадан,
Ара-Көл жолун чалдырды.
Аксаамай менен Нурпери,
Зайыптарын алдырды.
Ара-Көлдун элине,
Болоттон калган кетилип,
Алача кандын Аралбек
Ордун басты атанын,
Жетим жүрүп жетилип.
Жер жарган атак-даңк менен,
Көксаамай сулуу жар алып,
Көпкө сиңген барк менен.
Бала баатыр кан келип.
Уулу Жоодар шер келип,
Жезиликтей эр келип,
Кайран Төштүк сырттандын,
Каалаганы тең келип.
Алаңбайдын Абылап,
Саранбайдын Сарыбай,
Калк атасы Карабай,
Сырттан Төштүк ой кылды,
Жети кан элин чогултуп,
Ааламда жок той кылды.
Кебез-Тоо ичи кез болуп,
Кыжылдаган эл болуп.
Ала-Тоодон эт болуп,
Ала-Көлдөй чык болуп.
Тойдо кызык көп болуп,
Жалпы журтка эп болуп.
Калкы туура табышып,
Ак кийизге салышып.
Алтын таажы кийгизип,
Алтын такка мингизип.
Эр Жоодарды кыпчакка,
Кан көтөрүп алышып.
Топураган той тарап,
Азганакай бул элдин,
Ээси Жоодар болуптур.
Акыл айтыл башкарган,
Мээси Жоодар болуптур.
Ошо күнү чыныгы,
Жоодар атка конуптур.
Күн өткөрүп арадан,
Ара-Көл жолун чалдырды.
Аксаамай менен Нурпери,
Зайыптарын алдырды.
Ара-Көлдун элине,
Болоттон калган кетилип,
Алача кандын Аралбек
Ордун басты атанын,
Жетим жүрүп жетилип.
Жер жарган атак-даңк менен,
Көксаамай сулуу жар алып,
Көпкө сиңген барк менен.

