Жоодарбешим
Калайык муну угуптур:
«Андай болсо жалпыга,
Берүүчү кудай берген го,
Берендин уулу келген го.
Мында неге туралы,
Жолун тосуп чыгалы».
Деп ошентип калайык,
Сүйүнүшүп ыйлашып,
Топ-топ чыкты туш-туштан,
Жолун тосуп Жоодардын,
Кол беришип чуулдашып.
Арстан Жоодар келди — деп,
Айылдын ичи дуу болуп,
Аба жарган чуу болуп,
Алгандары колуна,
Ак асаба туу болуп.
Чоордун үнү ызылдап,
Сурнайдын үнү тызылдап,
Кебез-Тоонун ичине,
Бир заматта эл толуп,
Кумурскадай быкылдап.
Бир бөлөгү бул элдин,
Эр Төштүккө барыптыр,
Ак жибек танап салыптыр,
Караңгы жай, кара ордон,
Сырттанды тартып алыптыр.
Өчкөн отун тамызып,
Өлгөн жанын тиргизип,
Өзүнүн аты Чалкуйрук,
Тулпарына мингизип,
Жолунан тосуп калыптыр.
Бир бөлүгү бул элдин,
Өлүмдөн жанын качырган,
Темир кулак заарынан,
Тоо аралап жашынган,
Кайран энең Кенжеке,
Кулунуң Жоодар келди — деп,
Кургурга кабар салыптыр.
Сүйүнгөнгө чыдабай,
Эки көзгө жаш алып,
Энекеси Кенжеке,
Бу да келип калыптыр.
Сырттан Жоодар баатырга,
Эли-журту кол берип,
Сырттан Төштүк, Кенжеке
Келген кезде бул экөө,
Учурашып алсын—. деп,
Как жарылган калайык,
Карап турду жол берип.
«Андай болсо жалпыга,
Берүүчү кудай берген го,
Берендин уулу келген го.
Мында неге туралы,
Жолун тосуп чыгалы».
Деп ошентип калайык,
Сүйүнүшүп ыйлашып,
Топ-топ чыкты туш-туштан,
Жолун тосуп Жоодардын,
Кол беришип чуулдашып.
Арстан Жоодар келди — деп,
Айылдын ичи дуу болуп,
Аба жарган чуу болуп,
Алгандары колуна,
Ак асаба туу болуп.
Чоордун үнү ызылдап,
Сурнайдын үнү тызылдап,
Кебез-Тоонун ичине,
Бир заматта эл толуп,
Кумурскадай быкылдап.
Бир бөлөгү бул элдин,
Эр Төштүккө барыптыр,
Ак жибек танап салыптыр,
Караңгы жай, кара ордон,
Сырттанды тартып алыптыр.
Өчкөн отун тамызып,
Өлгөн жанын тиргизип,
Өзүнүн аты Чалкуйрук,
Тулпарына мингизип,
Жолунан тосуп калыптыр.
Бир бөлүгү бул элдин,
Өлүмдөн жанын качырган,
Темир кулак заарынан,
Тоо аралап жашынган,
Кайран энең Кенжеке,
Кулунуң Жоодар келди — деп,
Кургурга кабар салыптыр.
Сүйүнгөнгө чыдабай,
Эки көзгө жаш алып,
Энекеси Кенжеке,
Бу да келип калыптыр.
Сырттан Жоодар баатырга,
Эли-журту кол берип,
Сырттан Төштүк, Кенжеке
Келген кезде бул экөө,
Учурашып алсын—. деп,
Как жарылган калайык,
Карап турду жол берип.

