Жоодарбешим
Аркардай алган ак сандык,
Сыйкыры бар жан сандык,
Чыны менен бул алптын,
Жаны экен деп болжоду.
Жан чөнтөктө ак сандык,
Эми колго алды эле.
Капталын бузуп чакты эле,
Аңтарып ичин ачты эле,
Арстан Жоодар ошондо
Алты кучкач тапты эле.
Бирден кармап ошонун,
Башын жула баштады.
Бул кызыкты көргөндө,
Каарданып Темир алп,
Айкырык салып шашканы.
Алты кара кучкачтын,
Башы кетти жулунуп.
Каарданган Темир алп,
Кеткен кези мына бул,
Эт-бетинен жыгылып.
Аяк серппей жай берди,
Эки көзү жумулуп.
Эрен Жоодар ошондо,
Эрегишкен Темир алп,
Эсебин таап сойдум — деп,
Эки жагын каранып,
Эрди-башын жаланып,
Кылкарага минди эле,
Көз жиберип туш-тушка,
Минтип сүйлөп турду эле:
«О, жараткан кудурет,
Кыпчак, кыргыз эл кайда?
Каза тартып өлгөнбү,
Жезилик, Желдең эр кайда?
Жалгыз башым калганбы,
Жансыз, талаа ээн сайда?
Көрүнбөйт беле бир адам,
Тирүү болсо бул жайда.
Сыйкыры бар жан сандык,
Чыны менен бул алптын,
Жаны экен деп болжоду.
Жан чөнтөктө ак сандык,
Эми колго алды эле.
Капталын бузуп чакты эле,
Аңтарып ичин ачты эле,
Арстан Жоодар ошондо
Алты кучкач тапты эле.
Бирден кармап ошонун,
Башын жула баштады.
Бул кызыкты көргөндө,
Каарданып Темир алп,
Айкырык салып шашканы.
Алты кара кучкачтын,
Башы кетти жулунуп.
Каарданган Темир алп,
Кеткен кези мына бул,
Эт-бетинен жыгылып.
Аяк серппей жай берди,
Эки көзү жумулуп.
Эрен Жоодар ошондо,
Эрегишкен Темир алп,
Эсебин таап сойдум — деп,
Эки жагын каранып,
Эрди-башын жаланып,
Кылкарага минди эле,
Көз жиберип туш-тушка,
Минтип сүйлөп турду эле:
«О, жараткан кудурет,
Кыпчак, кыргыз эл кайда?
Каза тартып өлгөнбү,
Жезилик, Желдең эр кайда?
Жалгыз башым калганбы,
Жансыз, талаа ээн сайда?
Көрүнбөйт беле бир адам,
Тирүү болсо бул жайда.

