Төштүк, Жоодар, Кенжеке
Кучакташып көрүшүп, .
Ак бетинен өбүшүп.
Көзүнөн жашы буурчактап,
Көрүп турган калайык,
Кошо жашып бышактап.
Сырттан Төштүк, Кенжеке
Кулунум деп жалынып,
Калган экен кургурлар,
Канча жылы көрбөстөн,
Куса болуп сагынып.
Энекеңиз Кенжеке,
Ээгинен жыттап баласын,
Эчкиргенин карагын.
Мойнунан жыттап баласын,
Боздогонун карагын.
Кыйла жылы кыйналып,
Азабын тарткан баланын.
Жоодар жоолап кеткенде,
Убайга жанын батырган.
Убайым самап уулунун,
Уктабай таңды атырган.
Санаа тартып саргайып,
Санабай жылдыз батырган.
Кара чачы ак болгон,
Кайгырып өмүр сап болгон,
Караанын көрбөй уулунун,
Карыпчылык чак болгон.
Эстегенде баланы,
Эмчеги ооруп зыркырап,
Аман көрөр бекем — деп,
Алдадан тилеп буркурап,
Кенжеке түшкөн убайга.
Жан кылайып түшпөгөн,
Айланып эсен келер — деп,
Энекең күдөр үзбөгөн.
Төштүк сырттан кайраның,
Караңгы ордо жатса да,
Катуу азап тартса да,
Эңкейип белин бүкпөгөн,
Эренден күдөр үзбөгөн.
Тилеги кабыл келишип,
Кайрат алып боюна,
Каалагандай көрүшүп.
Сынган найза уланып,
Сырттан Төштүк кубанып,
Азган кыргыз сүйүнүп,
Ак ордо кайра тигилип.
Маамыга буудан байланып,
Баатыр Жоодар эр келип,
Баарынын көөнү жайланып.
Туура келип тилеги,
Тууруна туйгун айланып.
Жердин алдын кабарлап,
Куюн Желдең ал келип.