Бул кабарды угары
Кырымкандын Кыргыйбек,
Бала баатыр кырааны,
Аянып жоодон кайтпаган,
Арстан жүрөк тынары.
Элемандын эр Төштүк,
Аяш атам эле — деп,
Эр Төштүк үчүн өлөм — деп,
Эрегишкен эр болсо,
Кызыл канын төгөм — деп.
Шашып-бушуп кол жыйнап,
Келип калган кези экен.
Эр Жоодардан кем эмес,
Анык баатыр өзү экен.
Жөө күлүк сөздү салганда,
Кыргыйбек менен эр Жоодар,
Асмандагы жылдыздай,
Козголуша кеткени,
Ата салтын кубалап,
Дос болуша кеткени.
Кылыч жалап, антташып,
Касам айтып мантташын,
Убада сөзүн такташып,
Жөнөп калган кези ушул,
Элемандын эр Төштүк,
Муну көздөй аттанып.
Коломолуу кол келип,
Кожурап Жоодар шаттанып,
Жалгыз сойгон дөөлөрдү,
Кыйлага айтты даңктанып.
Кыргыйбек, Жоодар кол баштап,
Жөө күлүк Желдең жол баштап,
Ат күчүнө салышып,
Айылды көздөй бет алып,
Аркыратып жарышып.
Жанаша түшсө баатырлар,
Үзөңгү бутта кагышып.
Жалаң дөөнү сойгон жер,
Тындым кылып койгон жер,
Заматта артта калышып.
Куюн Желдең куюндап,
Айлананы чалыптыр,
Азган журтка барыптыр,
Төгөрөктү чалыптыр,
Бозгон журтка барылтыр.
«Сырттан Жоодар келди — деп,
Кармашып жоосун жеңди — деп,
Темир кулак өлдү — деп,
Баарыңа кудай берди» — деп,
Сүйүнчү айтып чыгыптыр.