Көк Аргындан оодарып,
Көтөрүп ээрге салганы.
Оңой эмес көрүнөт,
Эки дөөнүн салмагы,
Араң турду майышып,
Кайкалай түшүп ат дагы.
Кайран Жоодар ошондо,
Темир кулак алпыңды,
Чыкыйлап ээрге басканы.
Моюн бербей анда да,
Окторулуп алышып,
Кылкаранын ыйык жал,
Кармап жүрөт жабышып.
Ага Жоодар болобу,
Бир ыгына келген соң,
Кое берген оңобу.
Алтын толто ак шамшаар,
Кындан сууруп алганы,
Кежигенин тушу — деп,
Муштап келип калганы.
Мизи болот ак шамшаар,
Толтого чейин батты эле,
Колу-буту жайылып,
Таштап ийсе атынан,
Козголбой барып жатты эле.
Аздан кийин тирилип,
Кайра турмак болгондо,
Жоодар найза салды эле.
Жүрөгүнө жеткизип,
Ыкшап сууруп алды эле.
Анда өлбөй койгону,
Кылычтап канын чачса да,
Башын жара чапса да,
Улам күчөп болбоду.
Кайра баштап жулунуп,
Каарын салып Жоодарды,
Кармай турган болгону.
Балакет кайда экенин,
Баатыр эми ойлоду.