Беттешери Темир алп,
Берендин сүрүн сураба.
Жоо качырып камынып,
Жолборстой чамынып.
Бөлөк болуп жаңжалы,
Эки дөөнүн алганы,
Сабы моюл чоюнбаш,
Оордугун көрсөң кара таш.
Бет алышып барганы,
Бирин бири ошондо,
Аянбастан салганы.
Айыгышкан эки дөө,
Шамдагайын байкагын.
Чоюнбашка тууралап,
Тосо берип калканын.
Чоюнбашка чоюнбаш,
Кагылышып быркырап.
Сокмогунан дөөлөрдүн,
От чагылып чыркырап.
Кетилип учуп асманга,
Кулак тунуп чуркурап.
Чоюнбаш таштай салышып,
Кылычташа калышып.
Кылыч кыйрап сап болуп, '
Кырчылдашкан чак болуп.
Найзалашып сайышып,
Найза түтпөй майышып.
Эки дөөдөн дем кетип,
Тулпардан кара тер кетип.
Эси кетип эңгиреп,
Эки дөөнү көрсөңүз,
Мас болгон пилдей зеңгиреп.
Арачалар киши жок,
Айыгышып урушту,
Атынын оозун бурушту.
Экөө эки дөбөгө,
Эси оогон жандай турушту.
Темир кулак ошондо,
Кошунуна кеп айтат:
«Адам уулу болгондон,
Көрбөгөм мындай.— деп айтат.
Төштүктүн сырттаны,
Шамдагайы болжогус,
Алышсам алым жетпейт го,
Кармашсам каруум келбейт го.
Сайсам найзам тешпейт го,
Чапсам кылыч кеспейт го,
Жалгыз каруу бербейм го.
Жалпы каптап кетели,
Түбүнө минтип жетели.
Же болбосо белгилүү,
Түгөл кырып кетели».
Темир алп буйрук кылды эле,
Көк кайыштан доолбас,
Күңгүрөтө урду эле.
Кудай бетин көргөзбө,
Жети жүз дөө чуркурап,
Жезилик менен сырттанга,
Жер жайнап найза сунду эле.