Жоодарбешим
Түбүн байкап олтурсам,
Түбү душман түсүң бар.
Бири атчан, бири жөө,
Жолдош алган кишиң бар.
Ченебей жинге тийгениң
Тилге го келбей кичине,
Чегимди тепсеп киргениң,
Кыйыгынды карматсам,
Кыямат кетип жүрбөгүн.
Атамдын аты Чоюн алп,
Темир кулак өз атым.
Тийишип келген жан болсо,
Талакы кылар адатым».
Дайнын айтып күрпүлдөп,
Темир кулак басылды.
Коркутмак болуп сүр менен,
Кыраан Жоодар баатырды.
Ага сырттан болобу,
Жооп айтып турганы,
Келип сөздүн коногу:
«Чоюн алптын баласы,
Темир кулак сен болсоң,
Эр Төштүктөн туулган,
Эрен Жоодар мен болом.
Он бешимден аттанып,
Жер кыдырып кеткенмин,
Жердин жүзүн кезгенмин.
Эми мына кайрылып,
Кыргыз, кыпчак атанган,
Элимди издеп келатам.
Кебез-Тоо асыл жаралгам,
Жеримди издеп келатам.
Урунарга урчуктуу
Тоону издеп келатам.
Урушарга өзүңдөй,
Жоону издеп келатам.
Калкты талап кан ичкен,
Канкорду издеп келатам.
Билбегени бит болгон,
Анткорду издеп келатам.
Эл кадырын билбейсиң,
Элдүү болуп калгапсып,
Элди айтып сүйлөйсүң.
Жер кадырын билбейсиң,
Жердүү болуп калгансып,
Жер-сууну айтып сүйлөйсүң.
Эл менен жер башынан,
Кимки экенин билбейсиң.
Кажылдашып тура албайм,
Балбаның болсо чыга кой,
Жекеге чыгын балбаным.
Күчүң болсо көрсөткүн,
Күрпүлдөбөй дардадым».
Түбү душман түсүң бар.
Бири атчан, бири жөө,
Жолдош алган кишиң бар.
Ченебей жинге тийгениң
Тилге го келбей кичине,
Чегимди тепсеп киргениң,
Кыйыгынды карматсам,
Кыямат кетип жүрбөгүн.
Атамдын аты Чоюн алп,
Темир кулак өз атым.
Тийишип келген жан болсо,
Талакы кылар адатым».
Дайнын айтып күрпүлдөп,
Темир кулак басылды.
Коркутмак болуп сүр менен,
Кыраан Жоодар баатырды.
Ага сырттан болобу,
Жооп айтып турганы,
Келип сөздүн коногу:
«Чоюн алптын баласы,
Темир кулак сен болсоң,
Эр Төштүктөн туулган,
Эрен Жоодар мен болом.
Он бешимден аттанып,
Жер кыдырып кеткенмин,
Жердин жүзүн кезгенмин.
Эми мына кайрылып,
Кыргыз, кыпчак атанган,
Элимди издеп келатам.
Кебез-Тоо асыл жаралгам,
Жеримди издеп келатам.
Урунарга урчуктуу
Тоону издеп келатам.
Урушарга өзүңдөй,
Жоону издеп келатам.
Калкты талап кан ичкен,
Канкорду издеп келатам.
Билбегени бит болгон,
Анткорду издеп келатам.
Эл кадырын билбейсиң,
Элдүү болуп калгапсып,
Элди айтып сүйлөйсүң.
Жер кадырын билбейсиң,
Жердүү болуп калгансып,
Жер-сууну айтып сүйлөйсүң.
Эл менен жер башынан,
Кимки экенин билбейсиң.
Кажылдашып тура албайм,
Балбаның болсо чыга кой,
Жекеге чыгын балбаным.
Күчүң болсо көрсөткүн,
Күрпүлдөбөй дардадым».

