Жоодарбешим
Жалгыз Төштүк чалыңа,
Туш-туштан найза сайышып,
Туурадан чыгып жабышып,
Кармай алып Төштүктү,
Кайталатың сабатын.
Айра чаап төбөсүн,
Дөөлөрүнө талатып.
Колу, бутун таңышып,
Кордукка чалды салышып.
Жаткан жерин Төштүктүн,
Алтымыш кулач ор кылып,
Татканын азап-шор кылып,
Карыганда Төштүктүн,.
Кайран жашын кор кылып.
Сараңбай, Сарыбай, Кенжеке
Чогуу тизип байлаптыр.
Чогуу жатып өлсүн — деп,
Ор түбүнө жайлаптыр.
Калган элдин баарысын,
Жардылап итке мингизип,
Туш келди жакка айдаптыр.
Миң кишини жындырып,
Кылычтап башын кыйдырып,
Атам Чоюн куну — деп,
Аябастан кырдырып.
Калк аралап барыптыр,
Кыздан сулуу тандаптыр,
Кырк бир аял алыптыр.
Азганактай бул элди,
Чокмор менен коркутуп,.
Чоюндун уулу кан болуп,
Чогууга аты дан болуп.
Жабышкан кезик дарт болуп,
Жалпыга аты жат болуп.
Жакшылык күн жок дешип,
Журт чуркурап топтошуп.
Жүргөн кези ушу экен,
Жоодар эрди жоктощуп.
Кызыталак Темир алп,
Кыраан Жоодар келер —-деп,
Жүргөн экен аярлап.
Озунбасам болбойт—деп,
Ар шайманың даярдап.
Аялынан кеп угуп,
Атасынан алты эсе,
Алп төрөлдү деп угуп.
Жөө күлүк Желден, келгенин,
Калган экен эшитип,
Кароол коюп туш-тушка,
Кайтарып жолун бекитип.
Жана дагы Темир алп,
Эки күндөн бери жакка,
Эңги-деңги эти ооруп,
Өпкөнүн бир жак чети ооруп,
Кыр арканын баары ооруп,
Уюп эки далы ооруп.
Туш-туштан найза сайышып,
Туурадан чыгып жабышып,
Кармай алып Төштүктү,
Кайталатың сабатын.
Айра чаап төбөсүн,
Дөөлөрүнө талатып.
Колу, бутун таңышып,
Кордукка чалды салышып.
Жаткан жерин Төштүктүн,
Алтымыш кулач ор кылып,
Татканын азап-шор кылып,
Карыганда Төштүктүн,.
Кайран жашын кор кылып.
Сараңбай, Сарыбай, Кенжеке
Чогуу тизип байлаптыр.
Чогуу жатып өлсүн — деп,
Ор түбүнө жайлаптыр.
Калган элдин баарысын,
Жардылап итке мингизип,
Туш келди жакка айдаптыр.
Миң кишини жындырып,
Кылычтап башын кыйдырып,
Атам Чоюн куну — деп,
Аябастан кырдырып.
Калк аралап барыптыр,
Кыздан сулуу тандаптыр,
Кырк бир аял алыптыр.
Азганактай бул элди,
Чокмор менен коркутуп,.
Чоюндун уулу кан болуп,
Чогууга аты дан болуп.
Жабышкан кезик дарт болуп,
Жалпыга аты жат болуп.
Жакшылык күн жок дешип,
Журт чуркурап топтошуп.
Жүргөн кези ушу экен,
Жоодар эрди жоктощуп.
Кызыталак Темир алп,
Кыраан Жоодар келер —-деп,
Жүргөн экен аярлап.
Озунбасам болбойт—деп,
Ар шайманың даярдап.
Аялынан кеп угуп,
Атасынан алты эсе,
Алп төрөлдү деп угуп.
Жөө күлүк Желден, келгенин,
Калган экен эшитип,
Кароол коюп туш-тушка,
Кайтарып жолун бекитип.
Жана дагы Темир алп,
Эки күндөн бери жакка,
Эңги-деңги эти ооруп,
Өпкөнүн бир жак чети ооруп,
Кыр арканын баары ооруп,
Уюп эки далы ооруп.

