Басын өттү кыдырып,
Жаргандын жаңгак токоюн.
Өзгөрүлбөй жарыктык,
Жай, кышы жашыл ошонуң.
Кечип өттү тепчитип,
Кайтпастын Кара дайрасын.
Жан өтө алгыс жолдордун,
Таап өтүп айласын.
Желдей сызып келатат,
Жердин жүзүн сыдырып.
Какшып жаткан суусу жок,
Кайтпастын чөлүн кыдырып.
Аралап кирген кези ушул,
Убактын узак талаасын.
Барган сайын буудандар,
Кызып шилтеп канатын.
Андан өтүп баатырлар,
Адырмак тоого келгенде,
Абасы салкын жанга жай,
Кебез-Тоо четин көргөндө.
Буудандын оозун бурганы,
Бул жерге токтоп турганы.
Аттан түшүп баатырлар,
Арып, ачып кетти — деп,
Атын өрүүн кылганы.
Ээрин алып жайдактап,
Аса байлап баймактап.
Шылдырап аккан булактын,
Шынаасына түшүрүп,
Чаңкап келген баатырлар
Күл азык чайкап ичишип.
Беттешер жоо башка — деп,
Жан жарагын камдашып.
Кылычын кынга бүлөшүп,
Найзасын ташка кайрашып.
Олпогун чечип оңдолоп,
Торкосун чечип тордошуп.
Кымкабын чечип кылдашып,
Кайран Жоодар, Жезилик
Кара боюн чындашып.
Бөксөргөн эти толсун — деп,
Кадимкидей болсун — деп,
Арыктады аттар — деп,
Аянбай өрүүн кылышты.
Андан кийин ат токуп,
Шашып-бушуп бат токуп,
Аттанып жолго чыгышты.
Темир кулак алп менен
Бащтамак болуп урушту.


ТЕМИР КУЛАК АЛПТЫН БАЯНЫ

Муну мындай таштайлы,
Чоюндун уулу Темир алп,
Андан кабар баштайлы.
Чоюндун уулу Темир алп,
Быйты күңдөн туулган.
Тогуз жашка келгенде,
Айылга салган чуулган.
Акыл кирген кезинде,
Алдап, соолап ошону,
Бала кылып алам — деп,
Башына балаа үйүптүр,
Баатыр Төштүк багам — деп.
Жигит болуп, чоң болуп,
Акыл айтса укпаптыр,
Кыялы бузук тоң болуп.
Каруу, күчкө толуптур,
Адамдан ашкан зор болуп.
Ат көтөрбөс жөө болуп,
Эңгезердей дөө болуп.
Чоңдугун көрсөң тоо болуп,
Бет алган жакка кетиптир,
Эр Төштүк менен жоо болуп.
Жин айдаган немедей,
Жер түбүнө жетиптир.
Не экенин биле албай,
Кыйла жерди кезиптир.
Кыдырып жүрүп ал урган,
Жин шаарына барыптыр.
Жин паашасы Улан дөө,
Муну таап алыптыр.
Өлбөс кылып Темирди,
Дуба менен даарыптыр.
Жанын алып кубултуп,
Алып барып аркардын,
Курсагына салыптыр.
Ошол күндөн ушул күн,
Чоюндун уулу Темир алп,
Өлбөс болуп калыптыр.
«Сенин атаң Чоюн — деп,
Улан дөө айтып мындай кеп,
Урушканды жеңген — деп.
Катылгандын катыгын,
Өз колуна берген — деп.
Ааламда жок кан ичер,
Канкор киши болуучу,
Өз көзүм менен көргөм — деп.
Атандын жанын кубултуп,
Кучкач кылып бергем — деп.
Каршылаша кетишип,
Кан Төштүктөн өлгөн — деп.
Атаңды минтип сойгон — деп,
Амалын таап олтуруп,
Тындым кылып койгон — деп.
Намысың бар уул болсоң,
Кебез-Тоого баргын — деп.
Элемандын Төштүгү,
Кейишти буга салгын — деп.