Акыл менен имерип,
Сөздөн айтты ылайык.
Ошондо сулуу Аксаамай,
Ургаачыдан уз ошо,
Акылы башка сулуу ошо.
Бу кылыгым бекер — деп,
Кыраан Жоодарбешимдин,
Досунан көп душманы,
Кыялына кетер — деп.
Аялдан башка жамалы,
Ачылып айдай кабагы.
Аксаамай менен Нурпери,
Кучакташып өбүшүп,
Турган жери көрүшүп.
Жанындагы жөкөрлөр,
Тегеректей калышып.
Эжекелеп жарышып,
Нур кызы менен таанышып.
Колтуктап сүйлөп коштошуп,
Катар басып кыз-келин,
Каркыра сымал окшошуп.
Ордого кирди топтошуп,
Апта туруп токтошуп.
Аксаамайдын ордодо,
Топураган той болду.
Тойго келип көп адам,
Шаан-шөкөтү мол болду.
Жезилик баатыр ой кылды,
Берен Жоодар келди — деп,
Эстен кеткис той кылды.
Санатсыз малды сойгузуп,
Ала-Тоодой эт кылып,
Ала-Көлдөй чык кылын.
Келген элди тойгузуп,
Тамашаны салышып,
Күлүктөрүн чабышып.
Эрлер чыгып эңишип,
Баатырлар бакан сайышып.
Балбандары күрөшүп,
Той аягы болгон кез,
Ортодон кыйла күн өтүп.
Эрен Жоодар баланын,
Алганы сулуу жар болуп,
Жатканы ордо шаар болуп.
Айтышкан жоосун талкалап,
Бар көңүлү жай болуп.
Антсе дагы Жоодардын,
Кулан кууп ойногон,
Кебез-Тоодой керилген
Жери түшүп эсине.
Азганактай кыпчак журт,
Эли түшүп эсине.
Элемандын кенжеси,
Ата түшүп эсине.