Карачок менен салышып,
Башым аман калды — деп
Жардам берип Кара куш,
Атым аман калды — деп.
Убадасы бекем — деп,
Атамдын досу экен — деп.
Алдыңкы жайды чалган жер,
Аттанып жөнөп калган жер.
Көч жетелеп Нурпери,
Көч айдаган эр Жоодар.
Эрбелеңдеп жанында,
Жөө күлүгү Желдең бар.
Уч-кыйры жок жер менен
Айдап, жылдап жүрдү алар.
Бир талаага келгенде,
Абайлап Жоодар караса,
Көзгө тааныш жер экен.
Өзү келген бул жайга,
Келип калган кези экен.
Токсон тоонун урунуш,
Токсон дайра куюлуш,
Учу-кыйры узак жол,
Улуу тоонун бурулуш.
Кабат, кабат тоо болуп,
Капчыгай кызыл зоо болуп,
Кулак жарган дуу болуп,
Күрпүлдөп кирген суу болуп.
Андан ары өтүштү,
Кайнардын Кара-Көлүнө,
Каалаган күнү жетишти.
Кайнардын башы Кара-Тоо,
Жезилик баатыр кароолу,
Жаткан экен ошондо.
Чубашып көчтүн чыкканын,
Чокуда туруп көрүптүр.
Чоочун кошуун экен — деп,
Чочуп кабар бериптир.
Жезилик баштап кеп адам,
Шашкан бойдон келиптир.
Минген аты Кылкара,
Кийген тону Кылторко,
Кыраан Жоодар экенин,
Жезилик жазбай билиптир.
Тосуп чыгып баатырды,
Улуу, кичүү баарысы,
Жашы менен карысы,
Чуркурап салам беришип,
Сырттан эр менен көрүшүп.