Жоодарбешим
Беттешкен жоого келгенде,
Найзага мыктуу чеберсиң, Жоодар.
Ашып түшкөн атаңдан,
Ала көөдөн белемсиң, Жоодар.
Арам менен адалдын,
Баарын бирдей көрөсүң, Жоодар.
Бул кылыгың койбосоң,
Бейкапар жүрүп өлөсүң, Жоодар.
Коломтоңдо өр экен, Жоодар,
Маңдайыңда толтура,
Тарткылык менен шор экен, Жоодар,
Кыярлык кылар адамга,
Кыялыңда жок экен, Жоодар.
Асмайыл менен Осмоюл,
Адамдан ашкан куу экен, Жоодар.
Акылын эч ким билбеген,
Ашып түшкөн шум экен, досум.
Гүлгаакы гүлүң табам — деп,
Ала-Көлгө кеткенде,
Кылган иши бул экен, досум.
Асмайыл менен Осмоюл,
Ишти тескер тооруптур, досум,
Кыял менен ооруптур, досум.
Көңүлүн тетир буруптур, досум,
Көрүнөө амал кылыптыр, досум.
Ит-Ичпестин көлүнө,
Барган кайра келбесин,
Баянын байкап билиптир, досум.
Сен жок болор жагыңдын,
Жолун ойлоп жүрүптүр, досум.
Сен сапарды чалганда,
Айыгышып алыптыр, баатыр.
Ал Нурпери жарыңды,
Алам деп чатак салыптыр, баатыр.
Бул жоругуң Көргөндө,
Нурпери айла таба албай,
Боздогон бойдон калыптыр, баатыр.
Акылы башка Ңурпери,
Ыйлап турсам болбойт — деп, .
Кайраттуу ишти баштаптыр, баатыр.
Ащ ичерде уу кошуп,
Агаларын бир жолу,
Тындым кылып таштаптыр, баатыр,
Иттерди минтип союптур, баатыр,
Ишиң чыгып оңунан,
Намысың кетпей колундан,
Башыңа бакты конуптур, баатыр».
Муну угуп эр Жоодар,
Наалат айтын агага,
Бөөдө азап-шор тартып,
Жүрүпмүн деп талаада.
Жоодар, Желдөа, Нурпери
Жай сурашып калды эле.
Баатыр Жоодар баяндап,
Алп кара куш жомогун,
Аңгеме кылып салды эле.
Найзага мыктуу чеберсиң, Жоодар.
Ашып түшкөн атаңдан,
Ала көөдөн белемсиң, Жоодар.
Арам менен адалдын,
Баарын бирдей көрөсүң, Жоодар.
Бул кылыгың койбосоң,
Бейкапар жүрүп өлөсүң, Жоодар.
Коломтоңдо өр экен, Жоодар,
Маңдайыңда толтура,
Тарткылык менен шор экен, Жоодар,
Кыярлык кылар адамга,
Кыялыңда жок экен, Жоодар.
Асмайыл менен Осмоюл,
Адамдан ашкан куу экен, Жоодар.
Акылын эч ким билбеген,
Ашып түшкөн шум экен, досум.
Гүлгаакы гүлүң табам — деп,
Ала-Көлгө кеткенде,
Кылган иши бул экен, досум.
Асмайыл менен Осмоюл,
Ишти тескер тооруптур, досум,
Кыял менен ооруптур, досум.
Көңүлүн тетир буруптур, досум,
Көрүнөө амал кылыптыр, досум.
Ит-Ичпестин көлүнө,
Барган кайра келбесин,
Баянын байкап билиптир, досум.
Сен жок болор жагыңдын,
Жолун ойлоп жүрүптүр, досум.
Сен сапарды чалганда,
Айыгышып алыптыр, баатыр.
Ал Нурпери жарыңды,
Алам деп чатак салыптыр, баатыр.
Бул жоругуң Көргөндө,
Нурпери айла таба албай,
Боздогон бойдон калыптыр, баатыр.
Акылы башка Ңурпери,
Ыйлап турсам болбойт — деп, .
Кайраттуу ишти баштаптыр, баатыр.
Ащ ичерде уу кошуп,
Агаларын бир жолу,
Тындым кылып таштаптыр, баатыр,
Иттерди минтип союптур, баатыр,
Ишиң чыгып оңунан,
Намысың кетпей колундан,
Башыңа бакты конуптур, баатыр».
Муну угуп эр Жоодар,
Наалат айтын агага,
Бөөдө азап-шор тартып,
Жүрүпмүн деп талаада.
Жоодар, Желдөа, Нурпери
Жай сурашып калды эле.
Баатыр Жоодар баяндап,
Алп кара куш жомогун,
Аңгеме кылып салды эле.

