Кош айтууга келген кез,
Ажырашар болжолу.
Канатын керип Кара куш,
Күндү карап сызды ошол.
Келген жагын бет алып,
Көкөлөп бийик учту ошол.
Ачып көздү жумганча,
Алп кара куш жаныбар,
Көздөн кайым болду ошол.
Улуу куштун кылганы,
Чын көңүлгө толду ошол.
Баатыр Жоодар ошондо,
Кылкара токуп минди эми.
Куюн кеткен жол менен,
Куюлгутуп жүрдү эми.
Алдындагы бууданы,
Арбытып арыш таштады,
Соккон желден кем эмес,
Жаныбардын басканы.
Жер кыймылдап зардабы,
Чачылып көккө даңканы,
Бара-бара жаныбар,
Кызып алган чагы бар.
Араандай сөзү ачылып,
Ак көбүгү чачылып.
Нурпери сулуу кайда—деп,
Баратат Жоодар шашылып.
Ал аңгыча болгон жок,
Алды жагын караса,
Чаң созулат асманга.
Не экени билинбейт,
Карааны анын капкайда.
Жана жүрдү катуулап,
Жаныбарын Кылкара,
Камчы басып капталга.
Жетип келсе эр Жоодар,
Көчүп чыккан көч экен,
Нурпери сулуу өзү экен.
Эңсегени баатырдын,
Алдынан чыккан кези экен.
Адырдын жолун төтөлөп,
Нурпери кошту жетелеп.
Көч айдаган Желдеңбай,
Жол тартыптыр экөөлөп.

ЭР ЖООДАРДЫН АКСААМАЙГА КЕЛГЕНИ

Кылкара менен бургутуп,
Жоодар жетип келгени.
Нурпери менен Желдеңбай,
Учурашып көрдү эми.
«Эсенби, Желдең, аба! — деп,
Эр Жоодар салам бергени.
Саламатпы, ай сулуум,
Түрүңөр башка силердин,
Санаадар кылбай, айт сулуум.
Жолдош болгон тар жолдо,
Тагаларым эсенби?
Асмайыл менен Осмоюл,
Агаларым эсенби?
Кыйырын кырсык салган го,
Көрүнбөйт көзгө жакында,
Каран күндө калган го?»
Деген кезде Нурпери,
Көздөн жашын имерди.
Жаш баладай эреркеп,
Жашып ыйлап жиберди.
Нурпери айтып мындай кеп:
«Оорудан эки кайын агаң,
А дүйнө жайды көрдү — деп.
Берген дарың дартыңа,
Дабаа болбой өлдү — деп».
Баатыр Жоодар ошондо,
Абалап үндү салганы.
Сыр найзасын таянып,
Өксөп жатып калганы.
Ошондо Желдең барганы,
Колундагы найзасын,
Койбой жулуп алганы.
Кое тур, Жоодар,— деп айтат,
Куюн мындай кеп айтат:
«Эрен Жоодар деп жүрсөм,.
Эрен болбой кое кал.
Берен Жоодар деп жүрсөм,
Берен болбой кое кал.
Эстүү Жоодар деп жүрсөм,.
Эстүү болбой кое кал.
Дестүү Жоодар деп жүрсөм,
Дестүү болбой кое кал,
Жоодар атка койбой кал.