Жоодарбешим
Кебетеңе карасам,
Келбетиң Төштүк эмессиң!
Турушуңа карасам,
Тулкуң Төштүк эмессиң!
Мүшкүл түшүп башыңа,
Тулпардын башын кучактап,
Турган кандай немесиң!».
Ошондо Жоодар кырааның,
Айран калып өзүнө,
Алп Кара куш сөзүнө:
«Менин жайым сурасаң,
Эрен Төштүк өз атам,
Элеман бай чоң атам.
Кыйла жыл болду бул жакка,
Кайгуул чалып чыкканмын.
Карачок менен кармашып,
Кар жиликтен окустап,
Өлмөк болду тулпарым».
Деген кезде Кара куш,
Алкымды ачып имерип,
Кара тамак, кайкы тил,
Алп дедирип бууданды,
Ал сугунуп ийгени.
Оозун керип, дем тартса,
Тамагына такалбай,
Жоодар кошо киргени.
Бачым болду жутканы,
Оозун ачып Кара куш,
Кайра жерге кусканы.
Эрен Жоодар өзү аман,
Куландан соо ойноктоп,
Кошо түштү тулпары.
Алп кара куш кеп айтат:
«Сөзүмдү ук, досум,— деп айтат
Баштагыдан эки эсе,
Кыйын болду тулпарың.
Чапса кылыч кеспеген,
Өз денеңди курчутуп,
Болот кылын чыгардым.
Сенин атаң Төштүккө,
Кас болгон жан көп эле.
Кастан ашык жүз эсе,
Дос болгон жан көп эле.
Кылымда жок эр эле,
Кылымда жок шер эле.
Жалындын кайра тартайган,
Беттешкен жоодон кайтпаган,
Эрдиги жанда жок эле.
Кайрат, күчү барында,
Күйүп турган чок эле.
Бир кезинде мен дагы,
Жумуртка жарып чырылдап,
Болгон экем башында,
Уяда жаткан балапан.
Келбетиң Төштүк эмессиң!
Турушуңа карасам,
Тулкуң Төштүк эмессиң!
Мүшкүл түшүп башыңа,
Тулпардын башын кучактап,
Турган кандай немесиң!».
Ошондо Жоодар кырааның,
Айран калып өзүнө,
Алп Кара куш сөзүнө:
«Менин жайым сурасаң,
Эрен Төштүк өз атам,
Элеман бай чоң атам.
Кыйла жыл болду бул жакка,
Кайгуул чалып чыкканмын.
Карачок менен кармашып,
Кар жиликтен окустап,
Өлмөк болду тулпарым».
Деген кезде Кара куш,
Алкымды ачып имерип,
Кара тамак, кайкы тил,
Алп дедирип бууданды,
Ал сугунуп ийгени.
Оозун керип, дем тартса,
Тамагына такалбай,
Жоодар кошо киргени.
Бачым болду жутканы,
Оозун ачып Кара куш,
Кайра жерге кусканы.
Эрен Жоодар өзү аман,
Куландан соо ойноктоп,
Кошо түштү тулпары.
Алп кара куш кеп айтат:
«Сөзүмдү ук, досум,— деп айтат
Баштагыдан эки эсе,
Кыйын болду тулпарың.
Чапса кылыч кеспеген,
Өз денеңди курчутуп,
Болот кылын чыгардым.
Сенин атаң Төштүккө,
Кас болгон жан көп эле.
Кастан ашык жүз эсе,
Дос болгон жан көп эле.
Кылымда жок эр эле,
Кылымда жок шер эле.
Жалындын кайра тартайган,
Беттешкен жоодон кайтпаган,
Эрдиги жанда жок эле.
Кайрат, күчү барында,
Күйүп турган чок эле.
Бир кезинде мен дагы,
Жумуртка жарып чырылдап,
Болгон экем башында,
Уяда жаткан балапан.

