Жоодарбешим
Ооруксунуп бутунан,
Капталын салып жата албай.
Очорулуп жаныбар,
Катуу оору болду эле.
Жыгач жонуп текшилеп,
Жоодар шакшак койду эле.
Жабуу салып жабуулап,
Жаныбарың бууданды,
Билгенинче дарылап.
Шишик чалып баратса,
Кайра чечип таңуулап.
Аракет кылса болбоду,
Кайра жаңы дарт чалып,
Азап минтип торгоду.
Сөөгү болот жаныбар,
Бүтө турган көрүнбөйт.
Кылган эми Жоодардын,
Түшө турган көрүнбөйт.
Күн өткөн сайын саамыктап,
Кайран буудан Кылкара
Кетип барат арыктап.
Буудан кайтпас болгонун,
Сырттаның билди аныктап.
Арык болду Кылкара,
Керт этип чөп чала албай,
Кыйын күндө калды эле,
Кылайып наар ала албай.
Бир жагынан Жоодарга,
Жөө Куюндан кабар жок,
Санаасы учуп жай албай.
Өзү болду торгойдой,
Өзөк жалгап даам албай.
Карап турса Кылкара,
Тамырлары былкылдайт.
Өлүм жакка бет алып,
Көзүн ачпай шылкылдайт.
Төрт шыйрагы тыбырап,
Жан берчидей көрүндү,
Эрди башы кыбырап.
Эрен Жоодар ошондо,
Эч аргасын таба албай,
Кабыргасы сөгүлүп,
Башын жөлөп атынын,
Көзүнөн буурчак төгүлүп.
Катуу кырсык тузактап,
Айтып турган жери бул,
Атынын башын кучактап:
«Чалгыным сынып кайрылдым,
Канатымдан айрылдым.
Өзүң менен жаныбар,
Ченеми жок, түбү жок
Көлдөн сүзүп өткөнмүн.
Капталын салып жата албай.
Очорулуп жаныбар,
Катуу оору болду эле.
Жыгач жонуп текшилеп,
Жоодар шакшак койду эле.
Жабуу салып жабуулап,
Жаныбарың бууданды,
Билгенинче дарылап.
Шишик чалып баратса,
Кайра чечип таңуулап.
Аракет кылса болбоду,
Кайра жаңы дарт чалып,
Азап минтип торгоду.
Сөөгү болот жаныбар,
Бүтө турган көрүнбөйт.
Кылган эми Жоодардын,
Түшө турган көрүнбөйт.
Күн өткөн сайын саамыктап,
Кайран буудан Кылкара
Кетип барат арыктап.
Буудан кайтпас болгонун,
Сырттаның билди аныктап.
Арык болду Кылкара,
Керт этип чөп чала албай,
Кыйын күндө калды эле,
Кылайып наар ала албай.
Бир жагынан Жоодарга,
Жөө Куюндан кабар жок,
Санаасы учуп жай албай.
Өзү болду торгойдой,
Өзөк жалгап даам албай.
Карап турса Кылкара,
Тамырлары былкылдайт.
Өлүм жакка бет алып,
Көзүн ачпай шылкылдайт.
Төрт шыйрагы тыбырап,
Жан берчидей көрүндү,
Эрди башы кыбырап.
Эрен Жоодар ошондо,
Эч аргасын таба албай,
Кабыргасы сөгүлүп,
Башын жөлөп атынын,
Көзүнөн буурчак төгүлүп.
Катуу кырсык тузактап,
Айтып турган жери бул,
Атынын башын кучактап:
«Чалгыным сынып кайрылдым,
Канатымдан айрылдым.
Өзүң менен жаныбар,
Ченеми жок, түбү жок
Көлдөн сүзүп өткөнмүн.

