Жоодарбешим
Айдай болгон талаада,
Арачалар адам жок.
Куюн Желдең болбосо,
Андан башка караан жок.
Карап Желдең булардын,
Жанына жакын келе албай.
Баатыр Жоодар досуна,
Барып каруу бере албай.
Эки баатыр тирешип,
Бирин бири жеңе албай.
Баатыр Жоодар караса,
Эти толук Карачок
Калган экен бышылдап.
Өңү кетип көгөрүп,
Өпкөсү көөп кышылдап.
Октоло түшүп эр Жоодар,
Карандай күчүн үрөдү,
Өзүн өзү сүрөдү.
Ал Карачок балбанды,
Туш келди жакка сүргөнү.
Каруу тайып боюнан,
Тизеси жерге бүгүлүп,
Жан соогалап баатырга,
Эми жандан түңүлүп.
Арстандын уулу — деп,
Айтып турат жүгүнүп:
«Байкабай келип кабылдым,
Жаныма болчу арачы.
Иттигимди ойго алып,
Бир керекке жарачы.
Ит-Ичпестин Ала-Көл,
Көлдү сага берейин.
Көз жетпеген кыйыры,
Жерди сага берейин.
Атамдан калган калың журт,
Элди сага берейин.
Эрдик кылгын бир жолу,
Айтканым угуп береним».
Айласы кетип, күч тайып,
Алдырып турат көрөйүн.
Куюн Желдең ошондо,
Учуп күйүп жеткени.
Ак таяк менен төбөгө,
Дөөнү салып өткөнү.
Чымын тийген немедей,
Карачок аны сезбеди.
Ошондо Желдең кеп айтат,
Кокуй күн, Жоодар,— деп айтат:
«Мен айткан тилден чыкпагын, досум,
Карачок сөзүн укпагын, досум.
Өлгөн жаны тирилет, досум,
Өчөшкөн душман сүйүнөт, досум.
Башыңа тийип жакшылык,
Кайран жанын, күйүнөт, досум.
Түбү душман ушул, досум,
Жин, пери мунун энеси,
Кашаң алптын уулу ушул, досум.
Эки көзүн оюп кет, досум,
Бул Карачок чунакты,
Тирүү койбой союп кет, досум,
Тындым кылып бир жолу,
Как талаага коюп кет, досум.
Мен үчүн башын кесип кет, досум,
Түбүнө бир жол жетип кет, досум.
Капкайда жиниң карматкын, досум,
Кызыл канын жайпаткын, досум».
Деп ошентип Желдеңбай,
Мойнуна курун салынып.
Соо койбо чунак итти — деп,
Эр Жоодарга жалынып.
Арачалар адам жок.
Куюн Желдең болбосо,
Андан башка караан жок.
Карап Желдең булардын,
Жанына жакын келе албай.
Баатыр Жоодар досуна,
Барып каруу бере албай.
Эки баатыр тирешип,
Бирин бири жеңе албай.
Баатыр Жоодар караса,
Эти толук Карачок
Калган экен бышылдап.
Өңү кетип көгөрүп,
Өпкөсү көөп кышылдап.
Октоло түшүп эр Жоодар,
Карандай күчүн үрөдү,
Өзүн өзү сүрөдү.
Ал Карачок балбанды,
Туш келди жакка сүргөнү.
Каруу тайып боюнан,
Тизеси жерге бүгүлүп,
Жан соогалап баатырга,
Эми жандан түңүлүп.
Арстандын уулу — деп,
Айтып турат жүгүнүп:
«Байкабай келип кабылдым,
Жаныма болчу арачы.
Иттигимди ойго алып,
Бир керекке жарачы.
Ит-Ичпестин Ала-Көл,
Көлдү сага берейин.
Көз жетпеген кыйыры,
Жерди сага берейин.
Атамдан калган калың журт,
Элди сага берейин.
Эрдик кылгын бир жолу,
Айтканым угуп береним».
Айласы кетип, күч тайып,
Алдырып турат көрөйүн.
Куюн Желдең ошондо,
Учуп күйүп жеткени.
Ак таяк менен төбөгө,
Дөөнү салып өткөнү.
Чымын тийген немедей,
Карачок аны сезбеди.
Ошондо Желдең кеп айтат,
Кокуй күн, Жоодар,— деп айтат:
«Мен айткан тилден чыкпагын, досум,
Карачок сөзүн укпагын, досум.
Өлгөн жаны тирилет, досум,
Өчөшкөн душман сүйүнөт, досум.
Башыңа тийип жакшылык,
Кайран жанын, күйүнөт, досум.
Түбү душман ушул, досум,
Жин, пери мунун энеси,
Кашаң алптын уулу ушул, досум.
Эки көзүн оюп кет, досум,
Бул Карачок чунакты,
Тирүү койбой союп кет, досум,
Тындым кылып бир жолу,
Как талаага коюп кет, досум.
Мен үчүн башын кесип кет, досум,
Түбүнө бир жол жетип кет, досум.
Капкайда жиниң карматкын, досум,
Кызыл канын жайпаткын, досум».
Деп ошентип Желдеңбай,
Мойнуна курун салынып.
Соо койбо чунак итти — деп,
Эр Жоодарга жалынып.

