Жоодарбешим
Эр Жоодарлап бакырып,
Эрдемсип ураан чакырып,
Тура калат октолуп.
Ал аңгыча болбоду,
Ошо турган Карачок,
Кудай урган окшоду.
Канжыгада доолбас,
Каңкылдата соккону.
Мунун мындай жоругун,
Жанында кошу билчү экен.
Доолбас үнү чыкканда,
Түгөл жоого кирчү экен.
Алтымыш балбан ошондо,
Атка камчы салганы.
Эр Төштүктүн эренин,
Каптап жөнөп калганы.
Аба жарып айкырып,
Жер жарылган чуу чыгып.
Жалгыз жарым Жоодарга,
Алтымыш найза бир сунуп.
Мында Жоодар шашкан жок,
Алактап жоодом качкан жок.
Алдындагы Кылкара,
Араандай оозун ачтырып,
Ак көбүгүн чачтырып.
Аба жиреп аркырап,
Айнектен көзү жаркырап.
Аянбастан барганы,
Алтымыш балбан, алп менен,
Аралашып калганы.
Бет алыша келгенде,
Төшкө найза шак этип,
Төбөгө кылыч жарк этип.
Эрен Жоодар баатырың,
Шилтегенин жазбаган,
Аттан кулап жалп этип.
Кызып алган кезинде,
Кылыч ойноп колунда,
Кыргын салып жоосуна,
Кырааның келип оңуна.
Эрдемсип ураан чакырып,
Тура калат октолуп.
Ал аңгыча болбоду,
Ошо турган Карачок,
Кудай урган окшоду.
Канжыгада доолбас,
Каңкылдата соккону.
Мунун мындай жоругун,
Жанында кошу билчү экен.
Доолбас үнү чыкканда,
Түгөл жоого кирчү экен.
Алтымыш балбан ошондо,
Атка камчы салганы.
Эр Төштүктүн эренин,
Каптап жөнөп калганы.
Аба жарып айкырып,
Жер жарылган чуу чыгып.
Жалгыз жарым Жоодарга,
Алтымыш найза бир сунуп.
Мында Жоодар шашкан жок,
Алактап жоодом качкан жок.
Алдындагы Кылкара,
Араандай оозун ачтырып,
Ак көбүгүн чачтырып.
Аба жиреп аркырап,
Айнектен көзү жаркырап.
Аянбастан барганы,
Алтымыш балбан, алп менен,
Аралашып калганы.
Бет алыша келгенде,
Төшкө найза шак этип,
Төбөгө кылыч жарк этип.
Эрен Жоодар баатырың,
Шилтегенин жазбаган,
Аттан кулап жалп этип.
Кызып алган кезинде,
Кылыч ойноп колунда,
Кыргын салып жоосуна,
Кырааның келип оңуна.

