Тоорумайга салышып,
Тоодой болгон эки шер.
Алгандары жалаңдап,
Учу болот чоң зүңгү.
Жоодар, Жоодар болгону,
Жоодар атка конгону,
Жоосу башка бул күнкү.
Бирин бири аябай,
Буудандын оозун тарткан жок.
Айбатынан жалтанып,
Биринен бири кайткан жок.
Жалын чачып көзүнөн,
Жандай салып барганы.
Ыгы келсе экөө тең,
Атты жыга сайганы.
Төшкө такап найзаны,
Бет келише калганы.
Күүсү күчтүү буудандар,
Шамалдай учуп келгенде,
Жер кыймылдайт зардабы.
Төшкө найза так этип,
Бир-бирине шак этип.
Болотко болот сүрүлүп,
Жалын чыгып жарк этип.
Омуртка жүлүн майышып,
Үзүлчүдөй зырп этип.
Найзага чыдап тура албай,
Болот калкан оюлуп,
Зоот жыртылып чоюлуп.
Сокмогунан найзанын,
Омуроонун омок эт,
Канталай түштү чоюлуп.
Эки баатыр ошондо,
Эси кетип эңгиреп.
Кубаты тайып боюнан,
Аты менен кыраандар,
Араң турду зеңгиреп.
Алы кетип алдырап,
Ат үстүндө турушту,
Алтымыш мүчө шалдырап.
Бөз жыттанып муруну,
Бөлөкчө башка көрүндү,
Эки дөөнүн урушу.
Калгандары жалдырап,
Буларды карап турушу.
Куюн Желден, ошондо,
Алапайын таба албай.
Таягын кармап кудайлап,
Түрүн көрүп душмандын,
Байкуштун жаны жай албай.
Мойнуна курун салынып,
Баатырымды жалга — деп,
Жаратканга жалынып.
Кыраан эрдин өзүнө,
Кылар жардам жок болуп.