Найзалаша кеткеши,
Найза менен кулатың
Кылычташа кеткенин,
Кыя чаап моюнун,
Кара жерге сулатып.
Ачып көздү жумганча,
Алтымыш баатыр жай болуп,
Карап турган эмеспи,
Карачок буга таң болуп.
Эрен Жоодар эр менен,
Беттелише калышып,
Кайра баштан кетишти,
Найза менен сайышып.
Айкырышып барды эле,
Аянбай найза салды эле.
Күүлөнгөн бойдон барышып,
Күч менен найза сайышып.
Кагылышса эки дөө,
Буудандар бели майышып.
Коре бута сүрдүгүп,
Тизелей калып мүрдүгүп.
Салмагы зор Карачок,
Алдындагы бууданы,
Жетим арка кошкондон,
Кеткен экен үзүлүп.
Оңолуп каруу кыла албай,
Очорулуп жаныбар,
Ордунан өйдө тура албай.
Эр Жоодардын Кылкара,
Ал да калын короктоп,"
Кар жилиги үзүлүп,
Турган кези сороктоп.
Бууданынан ажырап,
Экөө тең жөөлөп калганы.
Анда дагы булардын,
Басылар эмес жаңжалы.
Аттарына карабай,
Арстандай чамынып,
Айкырып чеңгел салганы.
Бир-бирине жабышып,
Жакадан чапчып кармады.
Букадан бетер сүзүшүп,
Көрүнгөн жерден үзүшүп,
Ар кайсы жерден кармашып,
Айгырдан бетер чайнашып.
Буттан торой чалышып,
Тизелешип калышып.
Булкулдашып жүргөндө,
Булчуңдун баары эзилип,
Үстүндөгү ок отпөс,
Канжыга болуп эшилип.
Аяктай эти көрүнүп,
Ар кийгени тешилип.
Алты күнү алышын,
Колу, буту карышып.
Коё бербей бир-бирин,
Өжөрлөнүп жабышып.
Өлүмгө башты сунушуп,
Каржалса да баатырлар
Намыска бекем турушуп,
Жөө кармашып талаада,
Жандан башка урушуп.